Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:36

ИИМ: Окубай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд уюштурулду


Окубай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд учурунда тартылган сүрөт.
Окубай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд учурунда тартылган сүрөт.

Ички иштер министрлиги тиешелүү тармактар менен бирге айыл-шаарларда «Салам, мектеп!» рейдин уюштурду. Бул тууралуу 10-сентябрда «Азаттыкка» министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди:

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге билим алууга тартылбаган өспүрүмдөрдү, балдарын окуу куралдары менен камсыз кыла албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү».

Рейдде коомдук жайлар, соода түйүндөрү, оюн-зоок жайлары, таштанды төгүлүүчү жерлер, күнөсканалар текшерилди. Рейдге жалпысынан эки миңден ашык милиционер, бир миңге жакын мугалим, психолог, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү тартылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда мектепке барбай жүргөн 7-17 жаштагы балдардын саны үч миңдин тегерегинде болчу.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган болчу. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калган класстардын окуучулары дээрлик аралыктан билим алууда.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар, окуучулардын саны бир миллиондон ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG