Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

Тажикстанда кармалган кыргыз жараны президент Жээнбековго кайрылды


Махмуд Бабажанов.
Махмуд Бабажанов.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 80 жаштагы Махмуд Бабажанов президент Сооронбай Жээнбековго укугун коргоп берүүнү сурап кайрылды. 10-сентябрда «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, 6-сентябрда чек арада аны тажик күч кызматкерлери кармап кетип, ушу тапта Гафуров райондук ооруканасында кармап турушат.

Бабажановдун айтымында, буга чейин АКШдагы уулунан ага автоунаа белекке келген. Машине жарандыгы тажикстандык байбичесине катталган, бирок тажик күч кызматкерлери күйөөсүнө жазылган ишеним кат мыйзамсыз экенин билдирип жатышат.

«Мен президентке кайрылып, кыргыз жараны кармалганын айтып, кылмыш иши козголгон себебин тактап берүүнү өтүндүм, - дейт ал. - 6-сентябрда мени Тажикстандын атайын кызматы «чек арадан мыйзамсыз өттү» деп кармап кетишкен. Азыр ооруканада эки күч кызматкери кайтарып турушат. Бүгүн сот болот. Машине аялыма катталган. Ал мага ишеним кат жазып берген. Эми ошо кат мыйзамсыз деп жатышат. Мени террорчудай кылып кайтарып турушат»

Эки ай мурда Интернетте Бабажанов АКШда жашаган уулунан белекке машине алганы тууралуу видео тараган.

Бабажанов оорукананын сыртында эртеден бери 101 жаштагы апасы күтүп отурганын кошумчалады.

Сотто укугун коргой турган адвокат бар экенин билдирди.

Президент Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда Бабажанов Тажикстанда жашаган апасына күн сайын каттап турарын, Гафуров районунун коопсуздук органы ага карата «Аткезчилик» жана «Тыңчылык» деген беренелердин негизинде эки кылмыш ишин козгогонун, паспортун алып коюшканын, тергөөчү суракка чакырбаганын, сотко келишин гана талап кылганын билдирди.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Бабажановдун президентке жолдогон кайрылуусу келе элек экенин «Азаттыкка» билдирди.

Бабажанов буга чейин аны тажик күч кызматкерлери эки жолу токмоктоп, кыйноого алганын «Азаттыкка» айтып берген болчу. Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Ысманалы Жумабаев аны тааный турганын, бирок кыйноо көргөнү тууралуу ооз ачпаганын билдирген. Жергиликтүү милиция да ушундай эле жооп берген.

Махмуд Бабажановдун дооматтарына Тажикстандын тиешелүү тартип коргоо органдары комментарий бере элек. (SA/RK)

XS
SM
MD
LG