Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

ИИМ Болгарияда кармалган кыргызстандыкты экстрадициялайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги алдамчылык үчүн шектүү катары издөөгө алынган кыргызстандык жаран Данияр Ибраевди алып келүүгө даярданууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматы боюнча, Ибраевдин үстүнөн арыз менен бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү кайрылган. Жалпысынан ал жети курулуш компаниясын 507,3 млн. ашуун сомго алдап кеткен деп шек саналууда.

Жети эпизод тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 2014-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Былтыр 24-декабрда Ибраевге иш тууралуу сырттан маалымат берилген, ошол эле күнү Свердлов райондук соту Данияр Ибраевди камакка алууну чечкен. 26-декабрда Ибраевге эл аралык издөө жарыяланган.

Интерполдун көмөгү менен жүргүзүлгөн издөөнүн натыйжасында 28-февралда шектүү Болгариянын баш калаасы Софияда кармалган. Болгариянын маалымат каражаттары ал кармалгандан кийин үй камагына чыгарылганын, Болгарияда туруктуу жашай турган жери бар экендиги тууралуу маалыматты сотко көрсөткөнүн жазышкан. Ошондой эле жергиликтүү ЖМКлар жазгандай ал болгар бийлигинен качкын макамын сурап кайрылган.

Айрым маалыматтар боюнча, Данияр Ибраев – Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG