Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

«Die Zeit»: Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу затка ууланган


Навальныйды Орусиядан Германиядагы ооруканага которуу учуру. Берлин шаары. 22-август, 2020-жыл.
Навальныйды Орусиядан Германиядагы ооруканага которуу учуру. Берлин шаары. 22-август, 2020-жыл.

Германиядагы «Die Zeit» Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу затка ууланганын жазды. Ишенимдүү булактарына таянган басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында жасалышы мүмкүн экенин белгилеген.

Басылма жазгандай, немис бийлиги саясатчынын чай ичкен чынысына же чайына уу чачылган болушу ыктымал экенин айтышууда. Иликтөөдө Навальный суу ичкен желим бөтөлкөнүн оозунан жана саясатчынын колунан уунун калдыктары табылган.

«Die Zeit» «кылмышкерлердин планы боюнча Навальный Томскиден Москвага жеткенче көз жумууга тийиш болгон, бирок учкучтун учакты чукул кондурушу менен «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери саясатчыга ууга каршы атропин дарысын куйганы үчүн гана ал тирүү калган» деп эсептейт.

Басылманын жоромолуна азырынча Кремль жооп кыла элек. Орус бийлиги немис дарыгерлеринин «саясатчы ууландырылган» деген алгачкы бүтүмүн четке каккан.

Орус оппозициячысы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып, эстен танган. Учак Омскиге чукул конуп, саясатчы «Тез жардам» ооруканасына жеткирилген. Эки күндөн кийин Берлиндеги Шарите клиникасына которулган.

XS
SM
MD
LG