Мектеп окуучуларынын жаңы окуу жылындагы каникул күндөрү белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлигинин 7-сентябрдагы маалыматына караганда, жалпы билим берүү мекемелеринин базистик окуу пландары тууралуу буйрукка ылайык, күзгү эс алуу күндөрү 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин болот.
Кышкы каникул 30-декабрда башталып, 11-январда соңуна чыгат. Ал эми жазгы эс алууга мектеп окуучулары 22-мартта чыгып, окуу 31-мартта уланат.
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган болчу. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары баары аралыктан билим алууда. (RK)