Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Беларус: Гроднодо милиция демонстранттарды кууп таратты


Беларуста жапырт каршылык акциялары үч аптадан бери токтой элек.
Беларуста жапырт каршылык акциялары үч аптадан бери токтой элек.

Беларустун Минскиден башка дагы бир катар шаарларында шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 6-сентябрда каршылык акцияларына чыгышты. «Азаттыктын» беларус кызматы Гроднодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери шаардын борборун көздөй бараткан демонстранттардын тобун кууп таратканын, айрымдарын кармап кеткенин маалымдады. «Медиазонанын» кабарына караганда анда милиция тамак кычыштырып, көздөн жаш агызган газ колдонгон болушу мүмкүн.

Брест шаарында каз-катар тизилип алып жүрүшкө чыккан демонстранттар орто жолдон кайтты, алардын жолун милиция тороп турду. Бобруйскиде Ленин аянтына ак-кызыл-ак түстүү желек көтөргөн 300дөй адам топтолду. Витебскиде да демонстранттар жүрүшкө чыгып, милиция жолтоо болгондуктан кайра Эркиндик аянтына кайтып келишти.

Гомелде болсо жүздөгөн адамдар облустук аткаруу комитетинин алдына чыгып «Уят!» деп кыйкырып турушту. Ушундай эле акциялар Могилевдо да өтүп жатат.

Беларуста соңку президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Ошондон бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адам Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG