Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Тихановская: Акцияга чыккан элди артка кайтаруу мүмкүн эмес


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун бийлиги элдин үнүн укпагандыктан, өлкө өтө терең саясий кризиске кабылганын билдирди.

Ал 5-сентябрдагы түз эфирдеги сөзүндө «Беларус эли өзгөрдү, ойгонду» деп айтты. Тихановскаянын билдирүүсүндө, 9-августта өткөн президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыгына каршы акциялар уланат.

«Беларустар өзгөрүүлөрдү каалайт. Азыркы бийликке мындан ары ишенбейт. Көчөгө чыккан элди артка кайтаруу мүмкүн эмес», - деди ал.

9-августтагы шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко негизги атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңип, добуштардын 80% жакынын алганы расмий жарыяланган. Шайлоодон бери өтүп келе жаткан нааразылык акциянын катышуучулары иш жүзүндө оппозиялык талапкер утканын билдирип жатышат.

5-сентябрда студенттер жана аялдар маршы өтүп, анын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгына жана полициянын үстөмдүгүнө каршылык билдиришти.

Батыш мамлекеттери Лукашенко бийликте турган кезде өткөн шайлоолордун бирин да тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG