Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен Баткен облусунда бир бейтап каза болду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы брифингде билдиргендей, муну менен пандемия башталган март айынан бери бул оорудан каза болгондордун жалпы саны 1061 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 дагы 92 кишиден аныкталды. Кыргызстанда пандемияда расмий эсеп боюнча 44227 киши вирус жугузуп алды.
Учурда 584 киши стационарда дарыланууда, 4614 бейтап үй шартында дарыланууда. (NT )