Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Хуфур Абдурахмендин өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда


Абдурахеман Хуфур.
Абдурахеман Хуфур.

Бишкектеги «Мадина» базарында иштеп жүрүп киши колдуу болгон соодагер Абдурахеман Хуфурдун өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Свердлов райондун соту 23-июнда бери аны карап жатканын баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Абдурахеман Хуфур 2019-жылдын 4-октябрында дайынсыз жоголуп, сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция алгач аны өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшкөнүн жарыялаган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Kloop» порталы көмүскө акча ташуунун чоо-жайын иликтеген. Журналисттер системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларацияларды, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматын жана башка документтерди иликтеп, ошондой эле бир катар интервьюларды алышкан.

Иликтөөдө жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнүн тымызын иштетип келген уйгур улутундагы кытай жараны, ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити, 23-октябрда сөөгү «Манас» аэропортунун жанынан табылган таксист Хусан Керимов жана сөөгү Нарын облусунан табылган «Мадина» базарынын соодагери Хуфур Абдурахеман тууралуу да сөз болот. (SE)

XS
SM
MD
LG