Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Беларус оппозициясы бөлүндү


Минскиде студенттердин жүрүшүндө болгон окуялардын бири.
Минскиде студенттердин жүрүшүндө болгон окуялардын бири.

«Европадагы акыркы диктатор» атыккан Лукашенко кошуналардын санкцияларына нааразы болду.

Беларус президенти Александр Лукашенко Балтика өлкөлөрүнүн санкцияларына каршы экономикалык чара көрөрүн айтып, сөөмөй кезеди. Ал Балтика өлкөлөрүнүн порттору аркылуу өтчү беларус жүктөрүн токтотуп коюу менен коркутту.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

«Бизди ал жакка өткөргүлө деп күрөшпөйбүз. Биз бул маселени экономикалык жол менен чечип коёбуз. «Бул жол Беларуска кымбатка түшөт» дешет. Ооба, бизге кичине зыян. Бирок биз орусиялыктар менен анын акысын макулдаша алабыз. Алар баары бир биздин жүктү өткөрүүдөн киреше көрүшөт», - деди Лукашенко.

Балтика боюндагы үч өлкө - Литва, Латвия жана Эстония биргелешип Александр Лукашенко баштаган 30дай беларус аткаминерине санкция салган. Лукашенконун уулу Виктор Лукашенкого, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы Лидия Ермошинага, ички иштер министри Юрий Караев, Коопсуздук комитетинин башчысы Валерий Вакульчикке, Тергөө комитетинин башчысы Иван Носкевич сыяктуу беларус аткаминерлерине бул өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынган.

Ошондой эле Балтика өлкөлөрүнүн энергетика тармагына жооп берген министрлик Беларус атомдук электр станциясы ишке киргенден кийин Минскиден электр энергиясын сатып алууну токтотору кабарланган.

Лукашенко өткөн жумада эле «Беларуска санкция салгандарга «санкция деген эмне экенин» көрсөтүүгө» убада берген.

Оппозициялык кеңеш партияларга бөлүндү

Ал арада оппозиция өкүлдөрү өз-өзүнчө партия түзүп, саясий күрөштү улантарын билдиришти.

Алгач Беларуста президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөн кийин «арам акчаны адалдаган, салык төлөөдөн качкан жана паракорчулук кылган» деп айыпталып, эки жарым айдан бери тергөө абагында отурган «Белгазпромбанктын» мурдагы башчысы Виктор Бабариконун штабы саясий күрөштү улантыш үчүн «Бирге» аттуу жаңы саясий партия түзгөнүн жарыялады.

Бабарико камалгандан кийин азыркы оппозициянын лидери Светлана Тихановскаянын штабына биригип, ал уюштурган Координациялык кеңешке мүчө болгон Бабариконун оң колу Мария Колесникова мындай кадамдар саясий багытта жасалганын айтты:

Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

«Биз бириккенибиз үчүн беларустардын көбү Светланага добуш берди. Чындыгында, Светлана – беларустар тандаган адам. Бирок, тилекке каршы, бул шайлоо бурмаланган, аны Беларус да, Европа да мыйзамдуу катары тааныган жок», - деген Мария Колесникова өлкөдөгү саясий кризистен чыгыш үчүн Москва менен да, Батыш менен да сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи: «Азыр беларустарда так талаптар бар. Алар – куугунтукту токтотуу, тынч митингдер маалында болгон кылмыштарды иликтөө, саясий туткундарды бошотуу жана таза шайлоо. Эгерде мындай жолугушуулар бул талаптардын аткарылышына 1% да ишеним берсе, мен мындай сүйлөшүүлөргө даярмын».

Колесникова «Настоящее время» телеканалындагы маегинде Бабарико камактан бошотулары менен президенттик шайлоого биринчи талапкер катары барарын да белгилеген.

Бабариконун штабынан кийин эле президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, бирок БШК «жетиштүү кол топтой албаганы үчүн» каттоодон өткөрбөй койгон Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкало да кийинчирээк өзүнчө партия түзөрүн айтты.

«Баш мыйзам жана сүйлөшүүлөр тууралуу. Күн тартибинде Лукашенкону кетирүү турат. Ушул, чекит. Эч бир учурда бирөөлөргө жетеленип, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга макул болбош керек», - деп белгилеген Цепкало Кремль жактан келген мындай сунушка жетеленбөөгө чакырды.

Буга чейин Беларустагы оппозициялык күчтөр Александр Лукашенкого башкы саясий атаандаш болгон Светлана Тихановскаянын штабына кошулуп, кийин «өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу максатында» Координациялык кеңешти негиздешкен. Бирок кеңештин мүчөлөрү четинен куугунтукка кабылып, дүйшөмбүдө Минскиде үчүнчү мүчөсү Лилия Власова камакка алынганы кабарланган. Буга чейин Ольга Ковалькова менен Сергей Дылевский массалык иш-чара өткөрүү тартибин бузду деген айып менен он күнгө камалган.

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Ал эми президенттик шайлоодон кийин Литвада баш калкалап жүргөн Светлана Тихановская Беларустагы саясий кризисти тынч жөнгө салыш үчүн Минскидеги расмий бийликти диалогго чакырып келет.

Ал Европарламенттин өкүлдөрү менен онлайн байланышта Беларуста «демократиялык төңкөрүш» болгонун белгилеп, бардык мамлекеттерди беларус элинин «адилеттүү жана эркин шайлоо өткөрүүгө» багытталган мүдөөсүн колдоого, ошол эле учурда «беларус элинин эгемендигин» жана өлкөнүн «аймактык бүтүндүгүн» сыйлоого чакырган.

Эл болсо толкуп жатат

Беларуста эл 22 күндөн бери толкуп турат. 1-cентябрда күч түзүмдөрүнүн аёосуз күч колдонуп камакка алып, чогулгандарды таркатууга багытталган аракеттерине карабай миңдеген студенттер Лукашенконун режимине каршылыктын символу болуп калган ак-кызыл желектерди көтөрүп, «Саша, кет», «Саша, кызматтан бошотулдуң!» деген ураандарды кыйкырып жөө жүрүшкө чыгышты.

«Весна» укук коргоо уюму ОМОН кызматкерлери таң эртеден эле окуу жайларынын оозунан студенттерди кармап, жүрүштү таркатууга аракет кылганын маалымдаган. Уюм акциядан кеминде 17 студент камакка алынганын кабарлайт.

Ага чейин ишембиде аялдардын маршына түмөндөгөн адамдар чыкса, жекшембиде тынчтык жүрүшү өткөн.

Минскиде студенттердин жүрүшү өткөндөн кийин бир катар белгилүү беларус спортчулары – улуттук курама командалардын мүчөлөрү, дүйнө чемпиондору, Олимпиадалардын катышуучулары башка кесиптештерин биригип, нааразылык акцияларын колдоого чакырышты.

«Биз бир топ жылдан бери Беларусту эл аралык чөйрөдө көрсөтүп келгенбиз. Бизди эл колдогон. Бүгүн биз четте тура албайбыз. Аларды сөзүбүз, өзүбүздүн позициябыз менен колдошубуз керек. Балким, кээ бир спортчулар азыр алардын ою эч нерсе чечпейт деп эсептешет. Азыр ар бир адамдын ою маанилүү экенин эскертем. Азыр адамдык сапат башка бардык сыйлык менен жетишкендиктерден жогору турат», - деди баскетбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Никита Мещеряков.

Президенттик шайлоого чейин эле кээ бир атактуу спотчулар тынч митингдерге чыккандардын камакка алынышын сындашкан. Андан соң улуттук курамдагы спортчуларга мамлекеттик эмес телеканалдар менен байланышууга тыюу салынганы, дегеле саясий маселелер боюнча пикири үчүн «жагымсыз кесепеттер болору» эскертилгени маалым болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG