Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Административдик ресурстун арааны


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону калыс өткөрөрүн айтып келет. Ага карабай жер-жерлерде бийлик органдары айрым партияларга иштеп жатканы жарандык коомдун акцияларында айтылууда.

Бийликтин шайлоого кийлигишүүсүн кантип ооздуктаса болот? Шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө коомчулуктун жоопкерчилиги, салымы кандай болушу керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов, Ош мамлекеттик университетинин доценти Абдыжапар Аккулов жана жарандык активист Шабдан уулу Чынарбек катышты.​

«Азаттык»: - Чынарбек мырза, 1-сентябрда Бишкекте жарандык коомдун жана бир нече саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан акция болду. Ал жерде негизги айтылган сөздөр, талаптар кандай болду?

Эгер соттордо калыстык болгондо шайлоонун таза өтөрүнө ишеним болмок.

Шабдан уулу Чынарбек: - Митингге чогулган, ал жерде чыгып сүйлөгөн жарандарыбыздын, партия өкүлдөрүнүн бир эле талабы, бир эле максаты – парламенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүү болуп турат.

Шайлоого катышкан бардык партияларга бирдей мыйзамдык талаптарды коюуга жана анын аткарылышы боюнча баарына бирдей мамиле кылууга чакырып жатабыз.

Тилекке каршы, партияларды каттаган биринчи күндө эле мыйзамсыз көрүнүштөр болуп, «ээрге кыйшак отурганыбыз» билинип калды. «Кыргызстан» партиясына байланыштуу соттун чечими шайлоодо мыйзамсыз нерселер көп болорунан кабар берип турат. Эгер соттордо калыстык болгондо шайлоонун таза өтөрүнө ишеним болмок.

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, бийлик органдары жер-жерлерде билим берүү кызматкерлерин, медиктерди, жалпы эле бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин бийликчил партияларга добуш берүүгө иштеп жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. Сиздин байкооңуз кандай?

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

Абдыжапар Аккулов: - Бизде, 2020-жыл шайлоо менен башталып жатканда пандемия чыгып кетип, жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтоп калды. Саясий партиялар ошондо эле катуу аттанып калышкан. Кыргызда «калк айтса калп айтпайт» деген накыл сөз бар. Биздеги болгон революциялардагы негизги суроо - «канткенде таза шайлоо өткөрө алабыз» болгонуна карабай, элдин тилеги таш каап жатканын көрүп жатабыз. Административдик ресурс ошол жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо эле башталган.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо да административдик ресурс уланып жатканына Оштогу мектептердин биринде болгон окуялар далил боло алат. Директорду кызматтан алып, орун басарына кылмыш ишин козгошту. Мурда бийликтин кийлигишүүсү ачыктан-ачык эле болсо, азыр аткаминерлердин шайлооого иштеши жабык-жашыруун формада жүрүүдө. Айрым партиялардын штабдарына мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кирип-чыгып жүргөндөрүн көрүп-билип жатабыз. Ош шаарында эле эмес, айылдарда жергиликтүү бийлик башчылары, акимдер тымызын саналуу партияларга иштеп жатышат.​

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, жогоруда айтылган фактылар, талаптар боюнча БШКнын аракеттери кандай болмокчу? Жогорку Кенештин депутаты, Нарын районундагы айыл өкмөт башчысынын шайлоого кийлигишкени жөнүндө маалыматтар чыгып кетти. Аларга кандай чара көрүлүүдө?

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Абдыжапар Бекматов: - Жаңы кабыл алынган мыйзамдык базаларга карабай бизде эки маселе бар: биринчиси - добуштарды сатып алуу, экинчиси - административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу. Мындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюуга, жоопкерчиликке тартууга мыйзамдык чаралар каралган. Ошол жоболорду ишке ашырыш үчүн БШКда, аймактык шайлоо комиссияларынын алдында ыкчам иштей турган жумушчу топторду түзгөнбүз.

БШКда, жер-жерлерде коомдук кабылдамаларда телефондор иштеп жатат. Ар бир кайрылуу, маалымат расмий түрдө катталат. Жөн эле катталып калбай, чара көрүүгө жөнөтүлөт. Тиешелүү эксперттик топтор ар бир окуя, факты боюнча өз корутундуларын беришет. Мен учурдан пайдаланып айтарым: шайлоонун мыйзамдуу өтүшү аны уюштуруучулардын аракетине эле байланыштуу эмес. Мыйзамдуу, калыс шайлоону өткөрүш үчүн жарандык активисттерди, партиялардын өкүлдөрүн, коомдук уюмдарды, байкоочуларды кызматташууга чакырам.

«Азаттык»: - Коомчулукта «жер-жерлердеги мыйзамсыз көрүнүштөргө БШК ыкчам реакция кылбай, чара көрбөй жатат» деген сынга эмне дейсиз?

Абдыжапар Бекматов: - Биз реакцияны тез жасаганга аракет кылып жатабыз. Мисалы, белгилүү ырчынын бир партияга арналган обондуу ырынын социалдык тармактарда таркатылышын мыйзамсыз деп таап, 7500 сом айып салынды. Дагы бир саясий партиянын арызы боюнча да маселени карап, тиешелүү чара көрдүк.

Шабдан уулу Чынарбек: - Биз, шайлоо башталганда «эми эл ойгонду, эл түшүндү» деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, азыр башка көрүнүштөр болууда. Биз ага карабай «Таза шайлоо» долбоорун иштеп жатабыз. Жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүнө мониторинг кылабыз. Элден кайрылгандар көп. Мисалы, жарандардын паспортторун чогултуп жатканын мыйзамсыз деп эсептейбиз. Шайлоочулар билип-билбей туруп паспортторун башка бирөөлөргө берип жатышат. Бул жерде да админстративдик ресурс колдонулууда, ал жерде да мугалимдерди, дарыгерлерди тартып жатышат. Эгер ошондой фактылар болсо шайлоочуларды «бизге байланышка чыккыла» деп жатабыз. Таза шайлоо өткөрүш үчүн таза, так маалыматтарды беришибиз керек...

Талкууну толугу менен аудиодон уга аласыз.

Административдик ресурстун арааны (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:40 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG