Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Талапкер айыл өкмөттү сотко берди


БШК
БШК

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу Нарын районунун Чет-Нура айылында тартылды деген тасманын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Анда «айыл өкмөттүн башчысы административдик ресурс колдонгон жана талапкер менен соодалашып, добуш сатып алууга аракет кылышы мүмкүн» деген божомолдор каралып жатат.

Эки күндөн бери социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган тасмадан Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде «Биримдик» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Бакасов менен соодалашуу болгону, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат.

«Ал «бийлик менен келбесем, мен силерге эч нерсе жумуш жасап бере албайм, мени колдоп бергиле, мындан ары да иш алып барабыз» деп жатат. Анан биз сүйлөштүк, соодалаштык. Уланга «комбайн алабыз» десек «500 миң сом акчасын нак алып келип берем, мага эки күндүн ичинде жообун айткыла, 300 кишиден кем эмес салып бергиле, силерден башка нерсе талап кылбайм» деди».

Бир мүнөткө жетпеген, үч бөлүктөгү тасмада негизинен ушул сыяктуу сөздөр айтылган. Анын биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган.

Тасмада аты аталган айыл өкмөт башчы Азамат Мүсүркановдон телефон аркылуу комментарий алууга мүмкүн болбоду.

"Азаттык": - Алло, Азамат, угулуп жатабы?

Азамат Мүсүрканов: - Жок, мен жакка угулбай жатат.

"Азаттык": - Бирок сиз менин суроомо жооп берип жатасыз го...

Азамат Мүсүрканов: ....

Айыл өкмөт башчысы андан кийинки бир нече жолку чалганыбызды жоопсуз калтырды.

Ал эми Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов аталган окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады:

Курманбек Кудайбергенов.
Курманбек Кудайбергенов.

«Бул маселе боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Кийинчерээк расмий маалымат берем. Бирок биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тартиптик чара көрө албайбыз. Ал жерде эмне деген сөздөр айтылганын жакшылап иликтеп, юридикалык баа берүү жөнүндө сунуш киргизебиз».

«Биримдик» партиясынын талапкерлер тизмесинде алтынчы болуп катталган ишкер Улан Бакасов Интернетке тараган видео боюнча Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановду сотко берди.

Бул тууралуу Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Улан Болотбекович айыл өкмөт башчысы Азамат Мүсүркановду КРнын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пункту боюнча («Жарандын өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылуу») Нарын райондук сотуна арыз менен кайрылды», - деди Өмүрбаев.

Майрамбек Өмүрбаев «Фейсбук» аркылуу видеодо айтылгандарды четке какты жана аны «каралоо» деп баалады:

Майрамбек Өмүрбаев.
Майрамбек Өмүрбаев.

«Мен Улан Бакасовдун расмий өкүлү катары жазып жатам. Биринчиден, Улан Бакасов бул видеодо айтылган айылдын тургуну эмес, Нарын шаарынын тургуну. Экинчиден, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Каралоо деп айтса да туура болот. Андыктан, видеодо көрсөтүлүп жана жазылып жаткандардын Улан Бакасовго тиешеси жок».

Бул факт боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу иликтөө ишин баштады. Маалыматка ылайык, «айыл өкмөт башчысы административдик ресурс колдонгон жана талапкер менен соодалашып, добуш сатып алууга аракет кылышы мүмкүн» деген божомолдор каралып жатат.

Мыйзам бузулганы далилденсе, партия шайлоодон четтетилип, айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголушу мүмкүн. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова буларга токтолду:

Административдик ресурс колдонуп, добуш берүүгө үндөгөн кызматкер сөзсүз түрдө ишинен бошотулушу керек.
Атыр Абдрахматова.

«Бул видеодо айтылган фактылар сөзсүз түрдө укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Биздин жумушчу топ да иш алып барууда. Жакынкы күндөрү жалпы жыйын өткөрүп, бул иш-аракеттерге баа беребиз. Дегеле добуш сатып алууга аралашкан талапкерлер, алардын жакындары, саясий партиянын мүчөлөрү же өкүлдөрү Жазык кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышы керек. Аларга айып салуудан баштап, эркинен ажыратканга чейинки беренелер бар. Административдик ресурс колдонуп, добуш берүүгө үндөгөн кызматкер сөзсүз түрдө ишинен бошотулушу керек. Андан сырткары айып пул чегерилет. Мунун баары мыйзамда каралган. Аны укук коргоо органдары ишке ашырат. Бирок шайлоо мыйзамдарына ылайык, БШК да талапкер менен саясий партияны жоопко тартканга толук укугу бар. Анын негизинде добуш сатып алууга катышкан талапкерди, анын саясий партиясын шайлоодон четтетүүгө барышы керек».

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын ичинен «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Замандаш» партиялары азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары коомчулукта мүнөздөлүп жатат. Алардын арасынан «Биримдик» саясий партиясына карата дооматтар азыртан эле ачыкка чыга баштады.

Буга чейин БШКга 21-августта да «Биримдик» партиясынын пайдасына мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөнү боюнча арыз түшкөн. Анда «Реформа» партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги №12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын жетекчиси Темир Касымов административдик ресурс колдонуу менен «Биримдик» партиясына үгүт жүргүздү деген маалымат беришкен.

Жыйында видеофайл көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында БШКнын чечими менен Касымовго эскертүү берилген. Материалдар укуктук баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

21-августта Интернетте Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин директору Рахат Камбардинованын күйөөсү Нуркан Осмоналиевдин «Биримдик» партиясына кайрылуусу чыккан. Анда Осмоналиев партиянын талапкери Аида Касымалиева анын аялына телефон чалып, башка партияларга үгүт жүргүзүп жатканы үчүн кызматтан алып коёрун айтып, коркутканын билдирген.

«Биримдик» партиясынын шайлоо штабынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев: «Мектеп директору менен Касымалиева «Биримдик» партиясынын талапкери катары эмес, Жогорку Кеңештин депутаты катары сүйлөшкөн», - деп билдирген эле.

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 19-августта «Биримдик» саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп катталган. Ал тизмеде 8-катарда турат.

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев мындай көрүнүштөргө БШК ыкчам аракеттерди көрүшү керек деп эсептейт.

«Бул партиябы же башкабы, анын айырмасы жок, - деди ал. - Башкысы, добуш сатып алуу же административдик ресурс колдонгон учурлар катталса, БШК олуттуу мамиле кылышы керек. Эгер таза шайлоо өткөрүүнү кааласак, анда Интернетте тараган шайлоого байланыштуу мыйзам бузулган фактылар тартылган видеолорго, аудиолорго көңүл буруу абзел. Тилекке каршы, мындай фактылар мындан да көбөйөт».

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 17 партия БШКга документ тапшырган. Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Эреже боюнча партиялар үгүттү шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда башташы керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG