Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:35

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 43459 адамга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 дагы 101 кишиден лабораториялык жол менен жаңы табылды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-августтагы брифингде билдиргендей, вирус жаңы аныкталган учурлардын 32си Бишкекте, 18и Ысык-Көлдө, 16сы Жалал-Абад облусунда, ону Ош облусунда, сегизи Баткенде, жетөө Чүй облусунда, бешөө Нарын облусунда, төртөө Талас облусунда, бирөө Ош шаарында катталды.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

27-августка карата коронавирус жугузуп алгандар 43459га жетти. Анын 37492си айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG