Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

АКШнын Кеноша шаарында нааразылык күчөдү


АКШда полициянын афроамерикалыктарга кылган мамилесине карата нааразылык акциялары буга чейин да болгон.
АКШда полициянын афроамерикалыктарга кылган мамилесине карата нааразылык акциялары буга чейин да болгон.

АКШнын Висконсин штатында полиция кызматкери афроамерикалыкты атып жибергендиктен нааразылык акциялары башталды.

Кеноша шаарында полиция кызматкеринин огунан жарадар болгон 29 жаштагы Жейкоб Блейк ооруканада абалы оор экени айтылууда. Дарыгерлер операция учурунда анын денесинен бир канча ок алышкан.

Штат губернатору 24-августта жүз миң киши жашаган калаага Улуттук гвардиянын аскерлерин киргизүү тууралуу буйрук берди.

Жергиликтүү бийлик шаарда кечки саат сегизден тартып комменданттык саат жарыялады. Акциянын биринчи күнүндө автоунаалар, мамлекеттик жана жеке ишканалардын имараттары өрттөлдү. Жашоочулар менен полициянын ортосунда кагылыш болду.

23-августта тараган видеодо Жейкоб Блейк автоунааны тегеректеп жүргөнү жазылган. Ал машиненин эшигин ачары менен полиция кызматкери келип, жакасынан кармап, жети жолу атылган октун үнү угулган.

Полиция комментарий бере элек. Кеношадагы бул окуянын артынан Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу шаарларда да нааразылык акцияларын уюштуруу пландалып жатканы кабарланды.

27-майда Миннеаполис шаарында полициянын колунан каза болгон афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин да өлкөдө ири нааразылык акциялары уюштурулган.

XS
SM
MD
LG