Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматкерлери маалымат берүү боюнча окуудан өтүүдө


Мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн басма сөз кызматкерлери маалымат берүү боюнча үч күндүк окуудан өтүп жатышат. Бишкек. 24-август, 2020-жыл.
Мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн басма сөз кызматкерлери маалымат берүү боюнча үч күндүк окуудан өтүп жатышат. Бишкек. 24-август, 2020-жыл.

Бишкекте мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн басма сөз кызматкерлери маалымат берүү боюнча үч күндүк окуудан өтүп жатышат. 24-августта башталган окууга Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан басма сөз кызматкерлери катышууда. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси маалымдады.

Алар мультимедиалык материалдарды даярдап, онлайн аспаптар менен таанышып, коомчулукка өз мекемесинин иш-аракеттери тууралуу айтып берүү боюнча сабак алышат. Сабактар бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат.

Семинарды Европа Биримдиги каржылап, «Internews» уюму ишке ашырган «Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга каршы туруктуулукту күчөтүү» долбоорунун алкагында «Журналисттер» коомдук бирикмеси уюштурду. Буга чейин ушундай эле окуу Ош шаарында өткөрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG