Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Жогорку окуу жайларына тапшыруунун бешинчи айлампасы жүрүп жатат


2019-жылы окуу жайларына кабыл алуу учурунда Бишкектен тартылган сүрөт.
2019-жылы окуу жайларына кабыл алуу учурунда Бишкектен тартылган сүрөт.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы жүрүп жатат. 22-27-август күндөрү өтүнмөлөр кабыл алынарын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Пандемияга байланыштуу кабыл алуу 2020.edu.gov.kg сайтында онлайн өткөрүлөт. Бул сайтта Жалпы республикалык тесттин сертификатынын талондорун эсептөө, окууга өтө турган улан-кыздардын рейтинг тизмесин түзүү жана бөлүштүрүү толугу менен автоматташтырылат.

Буга чейинки кабыл алуу турлары июлда жана августтун башында болгон.

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышты, алардын 53ү эң жогорку балл алды. (SE)

XS
SM
MD
LG