Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Өмүрбек Суваналиев кызматынан убактылуу четтетилди


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта Субаналиевдин арызынын негизинде кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Ага ылайык, Өмүрбек Суваналиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бара жатканы үчүн кызматынан 22-августтан тартып, шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу четтетилди.

Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен аттанган Өмүрбек Суваналиев 19-августта билдирүү таратып, кыргыз бийлиги криминалга жеңилгенин айткан. Ал күздөгү парламенттик шайлоого аттанган бир канча партиянын артында кылмыш дүйнөсү турганын белгилеп, саясатка бел байлагандар аларга кызмат кыларын билдирген:

«Кыргызстандын парламентинде, бардык жерде коррупция жөнүндө айтылат. Бирок коррупциянын башында уюшкан кылмыш топтору турганын, башкарып жатканын эч ким айткан жок. Эртең, бүрсүгүнү башка чаап кетпесин дейт. Себеби, бийлик уюшкан кылмыштуу топторго жеңилип калган».

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоого 22 саясий партия талапкерлеринин тизмесин берген. Алардын дээрлик баарынан министрлерди, алардын орун басарларын, вице-мэрлерди жана башка мамлекеттик кызматта учурда иштеп жаткан кызматкерлерди көрүүгө болот. Мыйзам боюнча алардын баары шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда кызматын убактылуу тапшырууга тийиш.

Буга чейин 19-августтан тартып «Мегаком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Жаманкулов шайлоого аттанганы үчүн кызматынан убактылуу кеткен. Шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында жөнөгөн элчи Ибрагим Жунусов да кызматтан убактылуу кетүү тууралуу арызын жазганын «Азаттыкка» билдирген. Эмгек жана социалдык өнүктүү министри Улукбек Кочкоров кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө арызын 24-августта тапшырары белгилүү болду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG