Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Клюге: Жоопкерчилик жок болсо, вакцина да пандемияны токтотпойт


Иран.
Иран.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа боюнча бөлүм башчысы Ханс Клюге 20-августта өткөрүлгөн брифингде пандемияны вакцина эмес, ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтоторун айтты.

«Вакцина дагы пандемияны токтото албайт. Ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчилик алып, вирустан сактанууну үйрөнгөн күнү гана пандемия токтойт. Бул ар бирибизден көз каранды, ал күн эртең да болушу мүмкүн», - деди Клюге.

Ушул эле жыйында ДССУ жайкы эс алууда коронавирус жуккандар көбөйүп жаткан Европа мамлекеттеринде жаңы карантин чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок экенин билдирди.

Дүйнөдө коронавирустун жайылышы жана андан каза болгондордун саны боюнча Кошмо Штаттар дагы эле алдыда. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, учурда Калифорния, Техас жана Флорида штаттарында COVID-19 илдетине чалдыккандар баарынан көп.

Бул ооруга кабылгандардын саны дүйнөдө 22,5 миллиондон ашты, 790 миң адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG