Ага ылайык, жарандардын жашаган жери боюнча каттоосу жаңы электрондук тутумдун жардамы менен алардын бет түзүлүшүнүн биометрикалык мүнөздөмөсү аркылуу аныкталмакчы.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчилиги бул технология шайлоочулардын тизмесин тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөрүн айтса, анын айрым мүчөлөрү бул «Face ID» тутуму кандайча иштей турганы сыноо тартибинде көргөзүлө элек экенин, ачык-айкындык болбосо ага карата ишеним да болбой турганын белгилешти.
Талдоочулар кээ бир талапкерлер башка шаардагы жарандарды өздөрүнө бөлүнгөн шайлоо участоктору жайгашкан аймактарга алдын-ала каттоого тургузуп, шайлоо күнү аларды ал жакка ташып, добуш бердирген буга чейинки шайлоолордун сабактарын эске салышты.
Жаңы тутумдун өзгөчөлүгү
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарга кызмат көрсөтүүнү ыңгайлаштыруу жана алардын шайлоо алдында туруктуу жашаган каттоосун жапырт өзгөртүшүнө бөгөт коюш үчүн каттоо тартибине өзгөртүү киргизди.
Мындан ары туруктуу жашаган жери боюнча каттоо жаран каттоо органына келип, «Face ID» тутуму менен бет түзүлүшүн аныктоо аркылуу жүргүзүлө турганы белгиленди. Ошол эле кезде тууганчылык байланышы жок ондон ашуун адам бир үйдө катталганы аныкталса, анда мындай учур боюнча тиешелүү органдарга маалымат жибериле турганы көрсөтүлдү.
Мамкаттоонун басма сөз катчысы Дамира Азимбаева мындай учурларды аныктап, тез арада чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди:
«Бир эле дарек боюнча ондон ашуун жаран каттоого коюлуп жаткан болсо, анысы электрондук тутум аркылуу аныкталып калса, анда биз милицияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана тиешелүү деңгээлдеги жергиликтүү шайлоо комиссиясына ыкчам түрдө ошондой каттоо жүрүп жатканы боюнча маалымат жиберебиз. Анан мунун дагы бир артыкчылыгы - жарандар паспорт көчүрмөсүн көтөрүп алып келип эле кайсы бир дарекке каттала албайт. Мындай суранычтар жокко чыгарылат. Анткени каттоого тура турган жаран менен ага үйүнө каттоого турууга уруксат берген эки жаран экөө тең биздин мекемелерге келүүгө тийиш. Ал жерден биз аларды жаңы эреже боюнча сүрөткө тартып алып, документтеринин баарын текшерип чыгабыз. Анын бардык маалыматтары ар кайсы базадан изделип, териштирилет. Ошонун негизинде гана жаранга туруктуу жашаган жери боюнча каттоого турууга мүмкүнчүлүк берилет».
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жарандардын туруктуу каттоосун аныктоочу «Face ID» тутуму шайлоочулардын тизмесин сапаттуу түзүүдө айрым бир техникалык мүчүлүштүктөрдү жөнгө салып, шайлоо даректерин жапырт өзгөртүү боюнча аракеттердин алдын алууга өбөлгө түзө турганын билдирди.
Абдыжапар Бекматов ага чейин шайлоочулар «Face ID» тутуму аркылуу туруктуу каттоосун өзгөртүп, шайлоо дарегин алмаштырууга акысы бар экенин айтты:
«Шайлоочу өзү келип, идентификациядан өтүп, анан шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоо дарегин алмаштырганга мүмкүнчүлүк алат. Мурдагыдай шайлоочулардын тизмесин жапырт алмаштырып, алардын паспортторун алып коюп, кайсы бир шайлоо участогу турган аймакка каттоого тургуза койгонго болбойт. Мындай жол менен шайлоочулардын тизмесин өзгөртүүгө азыр мүмкүнчүлүк жок. Шайлоочу сөзсүз түрдө арызын жазып, шайлоо күнү каякта болсо ошол шайлоо участогунан же болбосо катталган жери боюнча шайлоочулардын тизмесине кирүүгө мыйзамда белгиленген мөөнөттө акысы бар. Бирөө үчүн бирөө ал жакка барып, анын шайлоо дарегин өзгөртө албайт».
Буга чейин шайлоочулардын тизмесинин сапаты боюнча жоопкерчилик мамлекеттик каттоо кызматына жүтөлгөн. Шайлоо мыйзамдарына жаңыдан кирген өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоочулардын тизмеси менен эми БШК өзү иш алып бара турган болду. Быйыл жазында Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого карата жарандардын каттоосун бир жерден экинчи жерге жапырт которуп, алмаштырган учурлар катталып, териштирүү жүргөн. Ош шаарына жаңыдан каттоого коюлган 30 миңден ашуун адамдын каттоосу кийин жокко чыгарылган.
Сыноодон өтпөгөн технология
Ошондо буга каршы турган механизмди иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн эле. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова жаңыдан кирген технология сыноо тартибинде иштей элек экенин эскертти:
«Менде толук маалымат жок. Мен деле силерге окшоп эле чыккан жыйынтык боюнча маалыматтарды сайттан окудум. Бул нерсе ачык жана түшүнүктүү болбосо, ага карата ишеним болбойт. Мен өкмөттүн бекитилген токтомун эле көрдүм. Бирок аны иш жүзүндө кандай иштей турганын сыноого коюп, ал эксперименталдык негизде көрсөтүлө элек. Негизи жапырт түрдө шайлоо даректерин өзгөртүү маселесин алгачкылардан болуп мен көтөрүп чыккам. БШКда айтып чыкканымда мага ишенишкен эмес. Кийин мен айткандай эле одоно мыйзам бузуу фактылары табылды. Тиешелүү кызматкерлерге сөгүш берилип, кийин кызматынан алынды. Бирок кылмыш ишин козгоо маселеси ачык бойдон калды. Мамкаттоо ошол тутумду иштеп чыгып, ишке киргизгени жатканы туура. Бирок анын канчалык натыйжалуу иштешин сыноодон өткөрүү керек болчу».
Оштуктар Алайдан добуш бергенде...
Ош шаарындагы журналист Арген Нуров мурдагы шайлоолордун мисалында адамдардын каттоосун алмаштырып, шайлоочулардын тизмелерин өзгөртүп, аларды бир тараптын пайдасы үчүн жапырт добуш бердирген көз боёмочулуктарды эстеди. Анын айтымында, шайлоочуларды бир жерден экинчи жерге ташыган учурлардын башкы себеби алардын каттоосун өзгөртүү менен байланыштуу болгон.
«Мен 2015-жылы парламенттик шайлоодо Ош шаарында ар кайсы талапкерлердин тарапташтары адамдардын паспортторун чогултуп, шайлоо участокторуна алып барып, добуш бердирип, акча тараткан учурларды чагылдыргам. Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин бири Ош шаарынан өзбек улутундагы жарандарды Алай районуна алып барып, добуш бердирген учурлар тууралуу маалыматтарды алганбыз. Ал убакта ошол жарандардын каттоосу Ош шаарынан Алай районуна которулса керек. Кийин анан алардын каттоолору кайра кайтарылдыбы же жокпу, ал жагы белгисиз», - деди ал.
Мыйзам боюнча шайлоочулардын тизмеси шайлоо күнүнө 15 күн калганга чейин такталып бүтүп, андан ары ага өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн эмес. Ага чейин шайлоочулардын баштапкы тизмеси, көзөмөлдүк тизме жана такталган тизме болуп, үч этапта шайлоочуларга таанышуу үчүн шайлоо участокторуна илинип, көрсөтүлө турганы мыйзамда бекитилген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.