Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Франция жана Германия Навальныйдын дарыланышына жана коопсуздугуна шарт түзүп берүүгө даяр


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Алексей Навальныйдын дарыланышына жана коопсуздугуна шарт түзүп берүүгө даяр. Бул тууралуу биргелешкен басма сөз жыйынында билдирген Макрон Франция менен Германия Навальныйдын үй-бүлөсүнө баш паанек берүүгө даяр экенин айтты.

Бейшемби күнү кечинде «Baza» агенттиги өз булактарына таянып, Омск шаарындагы ооруканада 12 сааттан ашык убактан бери эс-учун билбей жаткан Навальныйдын мээси шиший баштаганын жазган. Бирок «Коммерсант» бул маалыматтарды аймактагы саламаттык сактоо бөлүмү четке какканын маалымдады. Басылманын маалыматына караганда, Навальныйга азырынча диагноз да коюла элек.

20-август күнү кечинде Омскиге Навальныйдын жубайы, жеке дарыгери жана Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси келген. Алар Навальныйды чет өлкөдө дарылоого которууну талап кылышкан, бирок Омск ооруканасынын башкы дарыгери бейтаптын акыбалы өтө оор экенин айтып, аны транспортация кылууга мүмкүн эмес экенин билдирген.

Ага чейин президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальныйдын жакындарынан өтүнүч болсо, аны чет өлкөдө дарылоого жиберүүгө көмөктөшүүгө убада берген. Навальныйдын штабы аны алып кетүүгө керектүү медициналык документтерди алууга жардам сурап кайрылган, бирок бейшембинин кечине чейин оорукананын жетекчилиги документтерди берген эмес.

Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, саясатчы «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген.

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш Навальныйды «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышкан деп шек санап жатат. Анын айтымында, Навальный бул күнү чай гана ичкен.

Оппозициячыл активист өткөн жылдын июль айында, административдик жаза өтөп жаткан Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында ууланган деген шек менен ооруканага түшкөн. Кийинчерээк ал орусиялык бир катар активисттер, журналисттер, саясатчылар жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери Юрий Щекочихина, Анна Политковская, Александр Литвиненко, Сергей жана Юлия Скрипаль, Петр Верзилов ууланышканын, буга орус бийлиги шектүү экенин эске салган.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду аркылуу Орусия президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга байланыштуу айыптап, алардын ишмердигин, эсепсиз байлыгын иликтеп келет.

XS
SM
MD
LG