Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Кремль Навальныйдын ууланышы боюнча жооп берди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууландырылган» деген божомолдор боюнча комментарий берди.

«Уулануу болгон-болбогону лабораторияда ырасталышы керек. Анализдин жыйынтыгын күтүш керек» , - деди Песков журналисттер менен телефон аркылуу болгон брифинг учурунда.

Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, саясатчы «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген.

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш Навальныйды «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышкан деп шек санап жатат. Анын айтымында, Навальный ал күнү чай гана ичкен.

Оппозициячыл активист өткөн жылдын июль айында, административдик жаза өтөп жаткан Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында ууланган деген шек мененооруканага түшкөн. Кийинчерээк ал орусиялык бир катар активисттер, журналисттер, саясатчылар жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери Юрий Щекочихина, Анна Политковская, Александр Литвиненко, Сергей жана Юлия Скрипаль, Петр Верзилов ууланганын, буга орус бийлиги шектүү экенин эске салган.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга байланыштуу айыптап, алардын ишмердигин, эсепсиз байлыгын иликтеп келет.

XS
SM
MD
LG