Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Боронов той-аштарды токтотууга чакырды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүгө коомчулукту чакырды. Ал күзүндө той-аштар көп өткөрүлө турганын эске салып, пандемияга байланыштуу азыр андай иш-чараларды токтото турууну сунуш кылды.

«Биздин өлкөдө күз айларында тойлор жана мааракелер көп өткөрүлөт. Бирок мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана өкмөттүн позициясына, бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!».

Пандемиядан улам Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Өткөн аптада Бишкекте эреже сактабаган бир канча кафе-ресторан, клубдар аныкталган. (NT)

XS
SM
MD
LG