Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Осмонбетов: Токтогулда суу былтыркыдан 2,3 миллиард куб метрге аз


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнү 14,5 миллиард куб метрди түздү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов 17-августтагы басма сөз жыйынында билдиргендей, бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллиард куб метрге аз.

Анын айтымында, акыркы жети ай ичинде электр жарыгын иштеп чыгуу тогуз миллиард киловатт саатты түзүп, былтыркыдан 102,8 киловатт саатка аз болду.

Өкмөт июль айында 2020-жылдын октябрына чейин Токтогул суу сактагычында суу аз топтолот деген божомол бар экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул суу сактагычында аба ырайына байланыштуу суу аз топтолуп калганын айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG