Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Саясий репрессияларга каршы комитет Бобомурод Абдуллаевди бошотууга чакырды


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы комитет расмий Ташкенттин өтүнүчү менен Бишкекте кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди бошотууга бийликти чакырды.

Уюмдун 17-августта тараткан билдирүүсүндө 2018-жылы жарандык коомчулуктун нааразылыгына карабай казакстандык журналист жана активист Мурат Тунгышбаев Бишкекте кармалып, Казакстанга экстрадицияланганы эске салынган. Бобомурод Абдуллаев да Тунгышбаев сыяктуу Өзбекстанга экстрадицияланса, Кыргызстан 1951-жылы кол коюлган Качкындар жөнүндө конвенцияны буза турганы белгиленген.

Уюм Кыргызстандын бийлиги менен укук коргоо органдарын эл аралык милдеттерин аткарууга, жандуу жарандык же саясий ишмердиги үчүн өз мекенинде куугунтукка кабылгандарды чыныгы кылмышкерлерден айырмалоого, Абдуллаевди бошотууга үндөгөн.

УКМК Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. (NT)

XS
SM
MD
LG