Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстанды журналист Абдуллаевди бошотууга чакырды


Журналист Бобомурод Абдуллаев.
Журналист Бобомурод Абдуллаев.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигин көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевди камактан бошотууга чакырды.

Мамдепартаменттин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросу өз билдирмесинде, расмий Бишкек менен Ташкентке, сөз эркиндиги жана каттоо эркиндиги адам эркиндиктеринин пайдубалы экенин эске салат.

“Биз Өзбекстандын жана Кыргызстандын өкмөттөрүн өзүнүн милдеттерин аткарууга жана мурдараак Бишкекте кармалган өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин ушул укуктарын коргоого чакырабыз”,-деп айтылат Бюронун “Твиттер” социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө.

Мурдараак Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевге адвокаттары кирип жолуга албай жатканына даттанышкан.

УКМК Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген. Абдуллаев коюлган айыптарга макул эмес жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын атайын кызматы 2017-жылы 27-сентябрда «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен Ташкентте кармаган. 2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Көп өтпөй журналист артынан аңдуу жүрүп жатканын социалдык тармактардагы баракчасында жазып чыккан.

Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG