Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга карата курал эмбаргосун узартуу жөнүндө сунушту четке какты


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жума күнкү онлайн форматта өткөн жыйыны.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жума күнкү онлайн форматта өткөн жыйыны.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши жума күнү кечинде Ирандын курал-жарак жеткирүүсүнө эмбарго киргизүү боюнча АКШ сунуш кылган резолюциянын долбоорун колдогон жок.

Долбоорду АКШ менен Доминикан Республикасы гана жактап добуш берди. Орусия менен Кытай каршы болду. Башка өлкөлөр, анын ичинде Кошмо Штаттардын Европадагы өнөктөштөрү да добуш берүүдөн карманып коюшту.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Мамлекеттик департаменттин сайтында жарыяланган өз билдирүүсүндө, «эл аралык коомчулукту жана коопсуздукту коргоодо чечкиндүү аракет кылууда Коопсуздук кеңешинин жөндөмсүздүгү кечиримсиз» деди. Помпео эмбарго 13 жылдан бери иштеп келгенин белгиледи. Вашингтондун ырастоосу боюнча, Иран «дүйнөдөгү террорчулуктун башкы демөөрчүсү» болуп саналат жана Йемендеги, Сириядагы, Ливандагы, Ирактагы жана башка өлкөлөрдөгү радикалдык топторду колдоп келет.

Иран резолюциянын долбоору колдоо таппай калганын кубаттоо менен кабыл алды. «БУУнун 75 жылдык тарыхында Америка эч качан мынчалык жалгызсыраган эмес», деп айтылат Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кошмо Штаттардын жетекчилиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хуктун атынан мурдараак, эгер жаңы долбоор колдоо таппай калса Иранга карата 2015-жылы токтотулган өзөктүк куралга байланыштуу санкцияларды кайрадан жандантарын эскерткен. АКШ ал келишимдин талаптарын Иран аткарбай жатат деп айыптап, 2018-жылы андан чыгып кеткен. Башка өлкөлөр ал келишимдин сакталышына кызыкчылыгы бар экенин расмий билдирип жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG