Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Бажы кызматы министрдин мурдагы орун басарынын коррупция тууралуу билдирүүлөрүнө жооп кайтарды


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировдун бажы тармагындагы коррупция тууралуу айткандарына жооп берип, билдирүү таратты.

Расмий сайтка коюлган маалыматта мекеме мурдагы аткаминерди «жалган айтып жатат» деп айыптап, бул аракетин «шайлоо алдындагы популизм» деп атады.

«Абакировдун «бизнес менен сүйлөшүү аркылуу «Торугартта» «кийим-кечек «банан» катары катталып өткөрүлөт» дегени анын компетентсиздигин жана бажы операцияларын ишке ашыруудагы технологиялардын жаңырганынан кабары жоктугун билдирет», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Мамлекеттик бажы органы 2012-жылдан кийин бажы жараяндары толук автоматташтырылганын, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин система да модернизацияланганын билдирди. Ошондуктан «Торугарт» өткөрмө бекети аркылуу өтө турган товарлар автоматтык түрдө, электрондук негизде алдын-ала Бишкектеги атайын мекемелерде тапшырылары да айтылат.

Элдар Абакировдун «Коррупцияны мен өз көзүм менен көрдүм» («Я видел коррупцию своими глазами») деген интервьюсу 11-августта «Economist.kg» финансылык басылмасына жарыяланган. Анда ал Кыргызстандын экономикасындагы жагдайлар, ар кайсы тармактардагы коррупция, грант, насыя алуу саясаты жана өкмөттүн аракеттери тууралуу ойлорун айткан.

Абакиров 2016-жылдын 26-майынан 2019-жылдын 22-июлуна чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын башында депутат Жанарбек Акаев, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай менен кошо КЛДП партиясына бириккен. КЛДП парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен бирге бара турганын жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG