Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Бишкектеги «Семетей» госпиталы жабылды


«Семетей» госпиталы. 22-июнь, 2020-жыл.
«Семетей» госпиталы. 22-июнь, 2020-жыл.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен ооруган акыркы сегиз бейтап 13-августта госпиталдан айыгып чыкты.

Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеп, бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланды.

Ушул тапта госпитал күз-кыш мезгилдерине жана коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдалып жатат. Анда кошумча шарттар каралып, лаборатория түзүү пландалууда.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG