Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Латын Америка өлкөлөрү вакцина алууну көздөп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бразилия, Аргентина жана Мексика коронавируска каршы вакцина алыш үчүн бир катар макулдашууларды түзгөнүн билдиришти.

Латын Америкасы COVID-19дан катуу жабыркаган аймак болуп турат. Шаршембиде Бразилиянын Парана штаты орусиялык жаңы вакцинаны сыноо жана чыгаруу жөнүндө келишимге кол койду. Ошол эле учурда расмий адамдар ал препарат коопсуз болууга тийиш экенин белгилешти.

Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын байма-бай жарнамалап келатат. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер тесттин ыктыярчылар үстүнөн сыналап, үчүнчү фазасы аяктай электе жана илимий маалыматтарды көз каранды эмес адистер текшере электе вакцинаны каттоо тууралуу чечимди сынга алышууда.

Паранадагы технологиялык институт чечим жактырылса препаратты өндүрүү келерки жылдын экинчи жарымында башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бразилия бир нече ыктымалдуу вакцинаны сынап жатат. Бирөөнү Оксфорд университети жана «AstraZeneca» фармацевтикалык фирмасы иштеп чыккан. Экинчиси кытайлык «Sinovac Biotech» лабораториясында жасалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 150дөн көп ыктымалдуу вацинанын үстүнөн иштеп, сынап келет. 25 препарат адамдарга сайып текшерүү баскычына жеткен.

Аргентина жана Мексика «AstraZeneca» иштеп чыккан эксперименталдык вакцинаны бүтүндөй Латын Америка үчүн чыгарышарын билдиришти.

13-августка карай Жер шарында COVID-19га 20 миллион 827 миң 622 киши чалдыкты. 747 миңден көп киши оорудан көз жумду. 14 миллионго жакын бейтап айыкты.

XS
SM
MD
LG