Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Нур-Султанда көп балалуу энелер 21 миң теңгелик жөлөк пулду калыбына келтирүүнү талап кылышты


Көп балалуу энелердин нааразылык акциясы.
Көп балалуу энелердин нааразылык акциясы.

11-августта Нур-Султанда 30дан ашуун аял Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине барып, министр Биржан Нурымбетов менен жолугушууну талап кылды.

Алар ар бир балага берилип келген 21, 5 миң теңге (50 доллардын тегереги) жөлөк пулду калыбына келтирүүнү, турмушу начар үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну, ата-энелердин уруксатысыз эмдөө жүргүзбөөнү суранышты.

Нааразылык билдиргендердин басымдуу бөлүгү – көп балалуу, жалгыз бой, майып бала тарбиялаган энелер.

«Менин алты балам бар. Балдарым менен жертөлөдө турам. Мамлекеттен эч кандай жардам алган жокпуз. Даректүү социалдык көмөк көрсөтүлбөйт. Документ жасатыш үчүн барсам, «кирешеңиз 42 миң теңгеден ашык экен» дешти. «Ашып кеткени» - эки миң теңге. Мамлекет эмне үчүн көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдобойт?» – деди нааразы болгон энелердин бири Куралай Алиясова.

Алар активдүү энелерге бийлик кысым көрсөтүп жатканын билдиришти.

Бул жолу да министрликтин имаратынын алдында бир нече автозак турду. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри аялдар менен жолугушууга чыккан жок.

Министрликтин өкүлү ал башка жолугушууга кеткенин айтып, энелерден талаптарын кат түрүндө жазып, почта аркылуу жөнөтүүнү суранды. Мындай сунуш аялдарды канааттандырган жок. 11-август күнү кечинде аялдар министрликтин алдында түнөй турганын билдиришти.

Жаңы эреже боюнча өкмөт ай сайын көп балалуу үй-бүлөлөргө, социалдык абалына жана кирешесине карабай, ай сайын жөлөк пул төлөйт. Төрт балалууларга - 42 496 теңге (бир балага 10 500 теңге), беш балалууларга - 53127 теңге, алты балалууларга - 63 757 теңге, жети же андан көп балалууларга 74 388 теңгеден берилет. 2019-жылы көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага 21 миң теңге каражат берилип келсе, быйыл даректүү социалдык жардам жашоо минимумуна жана жардылык чегине байланыштуу төлөнө баштаган. Көп балалуу энелер бул чечимге нааразы болуп, ар бир балага 21 миң теңгеден төлөөнү талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG