Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

22:28 9.8.2020

Беларус БШКсынын төрайымы Лидия Ермошина көптөгөн добушканалардын жанында пайда болгон кезектер тууралуу оюн айтты.

Лидия Ермошина
Лидия Ермошина

«Бул нааразы болгон шайлоочулар эмнеге үйрөтүлгөн? Буларга «барып кабинаны жарым саатка ээлеп тургула» дешкен. Ошондой болуп атат. Анын айынан шайлоо участокторунда кыймыл өтө жай болуп атат», - деди Ермошина СТВ телеканалынын эфиринде.

Анын айтымында, бул аракеттер «кадимки саботаж, уюшкан чагым» болуп эсептелет. «Дал ошондуктан шайлоо участокторунун жанында абдан узун кезектер пайда болду», – деди Ермошина.

22:32 9.8.2020

9-августта Беларустун президентин шайлоодо добуш берүүгө умтулуп миңдеген адамдар кезекте турат.

Минскинин борбордук району, №2 шайлоо участогу:

22:36 9.8.2020

Бүгүн Минскидеги шайлоо участокторунун биринде адамдар чак түштө табышмактуу окуяга күбө болушту: жашы өтүп калган, дене түзүлүшү деле анча чымыр эмес бир аял шайлоо участогу жайгашкан имараттын терезесинен өрт өчүрүүчүлөр үчүн жасалган бийик шатыдан түшүп келатты. Аялдын колунда кандайдыр өтө тыгыз шыкалган баштык бар эле. Дагы бир баштыкты анын артынан жип менен түшүрүп беришти.

22:51 9.8.2020

Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө Беларуста шайлоо аяктайт. Беларустун өзүндө да, чет өлкөлөрдө да добуш берүү үчүн келгендердин аягы көрүнбөйт. Көпчүлүк добушканаларда бюллетендер түгөнүп калганы кабарланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG