Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

22:16 9.8.2020

Чехиянын ордо калаасы Прагадагы Беларус элчилигинде узун кезек пайда болду. Бир саатта 20дан ашпаган адам гана добуш берип жатат. Буга нааразы болгон адамдар петиция даярдап, кечки саат 8ден кийин да добуш берүүнү талап кылышты. Добушканалар саат 20:00дө жабылат.

22:19 9.8.2020

Польшанын борбору Варшавада эки миңге жакын беларус жараны добушун берүү үчүн элчиликке келишти.

22:22 9.8.2020

Беларустагы TUT.by порталы Минскинин борборунда милиция жана башка күч түзүмдөрү айрым көчөлөрдү тосо баштаганын кабарлады.

22:26 9.8.2020

Шайлоочулардын катышуусу жөнүндө жаңы расмий маалыматтар

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG