Президенттикке талапкер Светлана Тихановская шайлоо таза өтөт деп үмүт кылат. Түштөн кийин Тихановская Чыгыш Минск кичи районундагы мектепте добуш берип чыккандан кийин буларды айтты:
“Мен шайлоо таза өтүшүн каалайм. Силер мугалимсиңер да, балдарыбызга билим бересиңер. Ооба, түшүнүп турам, кеп мугалимдерде эмес. Шайлоо таза өтсө экен дейм”.
Беларуста да, чет өлкөлөрдө да шайлоо бекеттеринде добуш берүүнү каалагандардын узун кезеги пайда болду.
Оппозиция шайлоо бекеттеринде жапырт бурмалоолор орун алганын, алардын тарапкерлерин милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын билдирүүдө.
Беларус бийлиги Минск шаарына он миңдеген аскер кызматкерлерин, оор техникаларды тартууда. Бийлик бул аракеттерин “күтүлүп жаткан башаламандыктын алдын алуу аракети” катары түшүндүрдү. Лукашенконун каршылаштары бийлик оппозициянын митингин таратуу үчүн аскерлерди даярдап жатканын ырастоодо.