Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

17:38 9.8.2020


Минскиде “Дождь” каналынын журналисттери Владимир Роменский жана Василий Полонский, ошондой эле оператор Николай Антипов камакка алынды.

Журналисттерди кармоо учуру тартылган видео NEXTA телеграм-каналында чыкты. Тасмада журналисттерди кадыресе кийимчен адамдар кармап баратканын көрүүгө болот.

Президенттикке талапкерлердин бири Светлана Тихановскаянын бириккен штабынын өкүлү Мария Колесникова журналисттер аны менен маектешкенден кийин кармалганын билдирди.

18:04 9.8.2020

В Минске сотрудники в штатском задержали журналистов «Дождя» Владимира Роменского, Василия Полонского и оператора...

Опубликовано Anton Naumliuk Воскресенье, 9 августа 2020 г.
18:10 9.8.2020

9-августта түштөн кийин Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Лидия Ермошина добушканага шайлоочулардын 54% келгенин жарыялады. Бул шайлоо өттү дегенди билдирет.

Анын айтымында, Минскиден башка бардык аймактарда катышуу көрсөткүчү 50% жогору. БШК төрайымы бул эсепти күн мурунтан башталган добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кошууда.

Ермошина Минскидеги шайлоо тилкелеринде кезек көбөйгөнүн, өз алдынча байкоочулардан арыздар түшүп жатканын белгиледи.

18:11 9.8.2020
Вероника Цепкало.
Вероника Цепкало.


Президенттик шайлоого катышуу үчүн расмий каттоодон өтпөй калган Валерий Цепкалонун аялы Вероника Цепкало Беларустан чыгып кетти. Вероника Цепкало Москвадагы элчиликте добуш берет. Бул тууралуу талапкерлердин бири Светлана Тихановскаянын бириккен штабынан билдиришти.

Буга чейин Цепкало өлкөдөн чыгып кеткенин “Новости” жана “Интерфакс” агенттиктерине анын жакындары кабарлашкан.

“Биз Верониканын чечимин сыйлайбыз. Кырдаал оңой эмес. Ар бир адам тобокелчиликти өз алдынча баалоого укуктуу”, - деп билдирди Тихановскаянын штабы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG