Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 425 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдиргендей, алардын 124ү Бишкекте катталды. Жалал-Абад облусунда – 78, Ош облусунда - 47, Баткен облусунда - 45, Ысык-Көл облусунда – 41, Чүй облусунда – 36, Ош шаарында - 31, Нарын облусунда – 16, Талас облусунда жети кишиден коронавирус табылды.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери илдет расмий аныкталган учурлар 39587ге жетти. Анын 31281 айыкты. Вирустан 1460 киши кайтыш болду.