Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Ысык-Көл облусу карантин эрежелерин жумшартты


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын 5-августтагы чечимине ылайык облустун кире беришине коюлган «Ак-Кеме» жана «Кызыл-Омпол» санитардык-карантиндик бекеттери алынып, бекетте нөөмөт менен иштеп жаткан медициналык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өздөрүнүн негизги кызмат орундарына кайтып барышат.

Бул тууралуу өмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди:

«Алар өз орундарында иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар».

Ошондой эле аймак аралык жана район аралык жүргүнчү ташуучу автокаттамдарга уруксат берилди. Облустук жетекчинин айтымында бардык жоопкерчилик айдоочуга жана тиешелүү компанияга жүктөлүп, беткап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса мыйзам чегинде катуу чара көрүлөт.

Облустук жетекчи ошондой эле «Ысык-Көл облусунда эпидемиялык абал оңолгонго чейин той-аштарга тыюу салынып, эреже бузгандарга максималдуу айып пул салынарын» эскертти.

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги коронавирус эпидемиясына байланыштуу облус аймагына кирип-чыгууга көзөмөлдү март айынан тартып күчөтүп, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын каттамын 10-июлдан баштап чектеген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 6-июлдагы маалыматына караганда, облуста коронавирус жугузган 45 тургун катталды. Каза болгондор катталган жок. Республика боюнча 549 адамга жаңы жукканы, тогуз бейтап каза болгону кабарланды. (KS)

XS
SM
MD
LG