Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Толубай сынчы аалам кезип кетти...


Кадыркул Даутов.
Кадыркул Даутов.

Таажы вирусунун апаатынан үйдөн чыга албай, «Фейсбуктан» көөдөндү куушурулткан суук кабар уктум. Ишене албадым дебейм, Садык Алахан агайдын «акка моюн сунду...» деген сөзү кулагымда жаңырып турду.

Бир топко нес болуп, колу-бутумдан жан кеткендей шалдырып баратканымды сезип, өзүмдү кармадым. «Өлбөгөн адам барбы? Артыңан бирдеме калсын десең, кармаган ишиңе баш-отуң менен киришкин» деп, бир мезгилде өктөм сүйлөгөн үнү кулагыма шак дей түштү.

Биз көп эле жолу сүйлөштүк. «Жакын элем, шакирти болчумун, чыгармаларыма ак жол каалап, жакшы сүйлөшөт элек, чай ичишкенбиз, каттоом бар» дегендерден эмесмин. Чынымды айтсам, ар бир сөзүмдү ойлонуп сүйлөп, суроо берерде коркуп, чочулап турчумун. Жолуккан сайын эмне окуп, эмнелерди иштеп жатканымды сурагандан кийин адатынча урушуп калчу. Эмнеге уруша берерин мындан жашыраак кезимде түшүнө бербей, кыйтыйып, кабагыма кар жаап калчу. Азыр ойлосом, миң жолку көңүлдү жибектей сылап-сыйпап өткөндөн көрө, октой айтылган сын он эсе пайдалуу, жүз эсе жөндүү экен.

Жөн эле ал-жай сурап, тил эмизмей, көңүл үчүн жайгармай, салт үчүн адатка айланган кыялын сезбедим. Учурдун көйгөйлөрүнө тил, адабият, маданият, окутуу маселеси, китеп эмнеге окулбай калды дегенге мага окшогон мен сыяктуулардай карабай, башка өңүттөн түпкү себептерин иргеп-чубап, даанышмандык менен караганын асиреттешкенден кийин мээме түйүп алат элем. Эч бир жолу мамыр-жумур болуп, бирин-бири ырастаган, алымча-кошумчасы менен ойлору дал келген аңгемелешүүбүз болгон эмес. Көңүл кушу келип калганда, көкүрөк дартындай айтып, мен угуучунун ролунан ашыкча көтөрүлө алчу эмесмин. Акыркы жолугуп сүйлөшкөн күнүм 2018-жылдын 9-январында КУУнун үчүнчү кабатындагы филфактын адабият кафедрасынын жанында болду.

Агай иштеп отурганда барып калсаң, китептери менен кагаздарын чогултуп, иреттеп бир чекеге жылдырып коюп, сени менен сүйлөшөт, ынтаа менен угат. Көкжалдыкындай айбат менен сес бергендей өткүр, сынай тиктеген көз карашынан мен эмес, башкалар да жалтана түшөрүн байкадым. Көздөрүнөн ички сезимин байкоого такыр болбойт эле, кубанганда гана карегинен учкундар жылт дей түшөт. Мурда такыр өзү жөнүндө айтчу эмес. Кийинки кезде өзүнүн Москвада окуган жылдарын ичинен тамшанып, сагынып, «саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» дегендей, илим-билимди казып окуганынын пайдасын канчалык көргөнүнө канааттануу сезимин байкадым. Анысын башкаларга да жугузгусу келген каалоосу өмүрү өткөнчө жашады.

«Мыслящий человек»

«Москвага барып, Адабият институнун аспирантурасына тапшырдым. Оюмда бир гана тилек, бир гана максат. Окууга кабыл алууга экзамен тапшырып жатканымда, бир орус аял менен эркек агай кунт коюп угушту. Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сындап, терең талдап, талкуулап бердим, аябай өзүмдү эркин сездим. Экзаменден «төрт» алдым. Сынак кабыл алган профессор аял менен Аалы Токомбаевдердин үй-бүлөлүк катышы бар экенин кийин билдим.

КМУнун филфагындагы студент кезимде бир орус эжекем менен Москвада аспирантурада окуп жүргөнүмдө орус агайым экөө сүйлөшүп алгандай, мени «мыслящий человек» деп айтышкан.

Аспирантурага тапшырып коюп, алты айга чейин эч жакка чыкпай, жатаканада жатып алып китеп окудум. Бир багытым институттун китепканасы, тамак-аш сатып алганы дүкөнгө барам, калган убактымды тырышып, күндүр-түндүр китеп менен өткөрдүм. Гегел менен Фейербахтан тартып, орус адабиятынын классиктерин бүт окуп чыктым. Карамзиндин, Державиндин, Достоевскийдин, Гоголдун, Толстойдун чыгармаларын эт-бетимен түшүп, кызыгып окудум. Орус тилин үйрөнгөнгө чоң жардам болду, сабаттуу жазууга көнүктүм. Бир гана немис тили боюнча курска барат элем. Кийин сүйлөшкөнгө чөйрө болбоду, болбосо немис адабиятын түп нускасында окуйм деген тилегим бар эле. Орустун улуу сынчысы В. Белинский: «Батыштын адабиятын окуп өздөштүрмөйүнчө орус адабиятын өнүктүрө албайбыз», - деген. Шекспир, Гете, Данте, Петрарка сыяктуу Батыш адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн шедеврлери менен таанышпай туруп, орус классиктерин түшүнүш кыйын. Орустар Батыштан көп нерселерди алган, окуп үйрөнгөн, өз чыгармаларын өнүктүрүшкөн, адабий байланыштын кылымдардан берки келаткан сабактарын, салттык карым-катнашынын мааниси чоң. Акын же жазуучунун көп тилди билишинин пайдасы эбегейсиз, Батыш акындарында бир нече тилди үйрөнүү мурдатан калыптанган. Азыр деле өсөм деген чыгармачыл адам көп тил билсе, ошол тилдерде чыгарманын түп нускасын окуйт.

Оштон адабий чөйрө таппадым...

«Аспирантурада үч жыл окуп, «Кыргыз совет поэмасындагы (1920-1950-жж) салттык жана жаңычылдык маселелери» деген темада кандидаттык диссертациямды орусча жаздым, коргоп келгенден кийин, Оштогу пединституттун ректору Ж.Бешимов ишке чакырды. Ошко бардым. Бир саат чайканада чай ичкенче сүйлөшөт экенсиң... Сүйлөшкөнгө киши, адабий чөйрөнүн жоктугу кыжаалат кылды. Адабият, маданият жана искусство темасында ойлоруңду бөлүшкөнгө киши таппасымды сезип, артыма кайттым».

Билбейм, агайдын оштук акын-жазуучуларга, адабиятчыларга, дегеле адабий чөйрөгө ичи чыкчу эмес. Муну оштуктар укса таарынса керек, мен деле ошентчүмүн. Мезгил көрсөтөт деген ак сөз, сөз чынынан бузулбайт деген да чын. Бир гана биздин сүйүктүү агайыбыз, илимий ишиме жетекчи болгон устатым Жээналы Шериевди көп сурап калаар эле.

«Ошто бирөө-жарым барбы, окуй турган? Жакын арада жакшы акынды окудуңбу? Бир мезгилде чымыны бар кишилердин көпчүлүгү борборго кетишкенин баары билет. Тынч мезгил, азыркыдай базар экономикасы араанын ачпайт, материалдык атаандаштык шаштыңды албайт, кененчилик, беймарал айлыкка күн кечирген убактарда адабий чөйрөдө да жандуу, кызуу талаш-тартыштын аягы тыйылбаган кездер өткөн. Ошондон уткандар болду. Азыр кайда?» .

Көрсө, агай оштуктарды намыстанткысы, арданткысы келген экен. Оокат-ашка, кийим-кечеге, көр дүйнөгө өтө кызыкпастан, окууга, билим алууга, адабиятчы болобу, акын-жазуучу болобу, катардагы киши болобу, көп окуса деген изги тилек дилинде жашаган.

Менин жеке баамымда, Ош тараптан барып илимий иш жазгандар кайсы бир жогорку окуу жайынын адабият кафедрасында талкуу жүрүп жатканда «Кимдин стили жыттанат? Кимдин почерки экен?» деген күңк-мыңк ич ара шыбырашкандарга күбө болгондур? Мен өзүм профессор К.Артыкбаевдин кафедрасында талкуудан өтөргө жакын кимдердин илимий даражасы, наамы кимдин калеминен чыгып, сөзү, ою, бүтүмү менен «илимий жаңылык» ачканын айтып беришкен. Советтик мезгилде, эгемендик жылдарындагы ошол илдет азаймак түгүл сары чырмооктой жайылып кеткенин ким танат?

Адабиятка аралашуунун башкы максаты эмне?

Агай саналуу гана кишилердин, акын-жазуучулардын чыгармаларына адабий талдоо, сын макалаларды жазды. Муну элдин баары билет. Ал эч качан көңүлүнө туура келбеген же адабий процесстин талабына шайкеш келбеген, өзү айтмакчы колго урунаар бирдемеси болбосо же жылт эткен жаңылыгы, солк эттирген ой чабыты, кыскасы изденүүнүн илеби, чыгармачылык түйшүктүн тери сезилбесе колуна калем алган эмес. Биз жаңыдан жазып келаткандардын бешенесинен сылап, көптү үмүттөндүрөт деген ойго көп азгырылабыз, агайда андай «көңүлчөөктүк», тил эмизмей кыялдар жок эле. «Бар» же «жок» деген эки принцип, эки колдун муштумундай түйүлгөн көктүк, көздөгөнүн бербеген көкжалдык касиеттер бар эле. Анын ушул сыяктуу «аристократтык» (ак сөөктүк) кыялы да көп кишилер менен мамиле түздүргөн эмес. Менимче, өмүрү өткөнчө «кыргызчылык» деген оорудан өзүн алыс кармап жүрүп кетти.

«Ырдын өмүрү» деген китебинде: «Албетте, акындын баары эле сөзсүз түрдө гений же улуу боло бербейт. Бирок ар кандай ыр жазууну кесип туткан адам искусство деңгээлинде поэзия жаратууга сөзсүз милдеттүү, адабиятка аралашуудан башка максаты жок», деп таамай айткан. Бул сөзү жаңыдан жазып жүргөн, атактуу, аттуу-баштуу чыгармачыл адамдардын баарына коюлган талап эмеспи. Талапты коё билген адамдын деңгээли десениз, айрыкча адабий сын жаатында Кадыркул Даутовдон ашып түшкөнүн учурата элекпиз!

Сүйүнбай Эралиев - чоң акын, чоң сүрөткер. Аны менен көп жолу жолугуп сүйлөштүм. Мүнөзү жумшак болгону менен зардалуу, эрктүү, табияттын кыбыр эткен көз ирмеминен сулуулук таба алган сезимтал жан. Ал: «Адам дүйнөгө бир гана жолу келет. Андыктан ал анда узак калууну самайт. Бул табигый нерсе. Бирок өмүр кандайча өтөт? Жашаган жылдары ичинде эч нерсе жок, бош идиштерге окшоп, каңгырап кала береби же кол мөөрү, акыл азыктары менен толтурулуп, тарых текчелерине алынып коюлабы? Кеп ушунда», - деп жашоодогу максатын, ымандай сырын айткан. Москвада Горький атындагы адабият институтунда окуп жүргөндө өзү кызыгып, сонуркап жүрүп которгон «Василий Тёркиндин» автору менен кездешип, көзмө-көз маектешет. Адабият, поэзия, саясат, Коммунисттик партия темасын, ыр жазуунун машакаты жөнүндө сүйлөшүп келатып, кыргыз акынын кунт коюп уккан улуу акын А.Твардовский: «Же саясатты, же адабиятты тандагын!» - деп кесе айтыптыр.

Акынга биринчи чөйрө керек. Акын болуп туулбайт. Ыр жазууга кичине эле жөндөмү болсо, көп окуса, көптү билсе, башка чоң акындарды таанып-талдай алса, өзүнүн стилине ээ акындар гана назарга илинет, талдоого алынат. Акындын интеллекти канчалык бийик болсо, ошончо руханий азыктын ширесин, уюткусун берет.

Агай жалпак тил менен айтканда кыргыз адабиятын, орус адабиятын жана дүйнөлүк адабиятты «ичип-жегендердин» башындагысы болчу. Кайсы доор, мезгил, кайсы учур кандай дараметтүү, чыныгы акындарды берди, кимдерди алдыга чыгарды деген суроону беш колундай билип, таптак санап айтчу. Тилекке каршы, алар көп эмес эле...

«Кытай крокодил болсо, кыргыз – кескелдирик»

Күндөрдүн биринде агай менен Дзержинский бульварында басып баратып сөзүбүз кытай темасына бурулуп кетти. Союз кезинде СССР менен Кытайдын мамилеси катуу болгон. Тике болбосо да кыйыр түрдө бири-бирине сес көрсөтүп, чек арасынан чычкан өтө алчу эмес. Союз таркап, эгемендик алгандан бери Кытайдын тамак-ашы, кийим-кечесинен тартып, бирин-экин эле алынбагандары калбаса, төрт тарабыбыз кытайлашып жатып калдык.

Кытайдан алынган карыз төлөнбөсө, анын көзү жерибизге кызарып турганы иш жүзүндө далилденип жатканын, тажик туугандар Тоолуу Бадахшандагы жерин карызга берүүгө аргасыз болгонун, бийликтегилердин 30 жыл аралыгында кошуналарга жер сатууну өнөкөткө айландырганын бежиредим.

Канткенде саясий-экономикалык, соода-финансылык жактан өз алдынчалыкка жетишебиз? Дүйнөлөшүүнүн арааны ачылып турганда кытайларсыз күнүбүз өтпөйбү деген суроолорду койдум. Легалдуу-легалсыз жашап, кыргыз кыздарына үйлөнүп, келечегин Кыргызстансыз элестете албай калгандардын караааны жылдан-жылга көбөйүп баратканына, тамак-аш азыктарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жоктугуна, мамлекеттик стандарттан текшерүү маселеси эстен чыгып калганына күйүп-бышкансыдым...

Агай саамга токтой калып, мунун баары эле аралык саясаттын азабынан болуп жатканына, дүйнөлүк финансы лөктөрү (эң бай адамдар тобу) саясатка аралаштырбаган эч нерсе калбагына тан бергендей элестүү, таамай, бирок жүрөк муздаткан фразаны айтты:

- Кытай крокодил болсо, кыргыз кескелдирик, оозуна бир салып бүркүп эле коёт...

Жан кашайткан сабатсыздык, мактанчаактык

- Кыргыз тили билгенге өтө бай. Сүйлөсө угумдуулугу, кооздугу, ырдап жаткандай шыр-шайкеши, тембр менен темптин айкашы кандай! Азыркыдай, азыркыларчылап же таза орусча эмес, же таза кыргызча эмес, аралаштырбай өз корундагыны пайдаланса деле болмок...

«Каяктан кыргыз тили бай? Өткөндө «Манастан» илимдин доктору болгон немени эл алдында «Манас деген ат эмнени түшүндүрөт?» десем шылкыйып, жооп бере албай койду. Кыргыздын өзүнүн сөзү жарды. Араб, фарси, уйгур, тажик, казак жана башка тилдердин эсебинен күн көрүп келатат. Манты, чүчпара, лагман, палоо кимдин сөзү? Кадыркул, Мамат, Карим деген эмнени түшүндүрөт? Кыргыздар өзүнүн аты эмнени түшүндүрөрүн өзү билбейт. Кыргыздар сабатсыз, мактанчаак, сулуу, кооз сөздөр менен мактантып же бирөөнү мактатып эле койсо... Калп мактоодон өткөн шор жок. Ар бир сөздүн чыгыш теги, тектеш тилдер менен карым-катнашы, лексикалык мааниси менен семантикасы, этимологиясы бар. Өз доору, мезгили, кылымдын кыйырынан турмуштук, согуштук жагдайлардан, тумоо-илдет (эпидемия) жана башка себеп-шарттардан жаралган сөздөргө азыр ким кызыгат? Кыргыздин тили, диалектиси, говору, өзгөчө бир жаралган чечендердин, акын-жазуучулардын чыгармаларынан тилдик өзгөчөлүктөрдү окуп-билип, өз эне тилинин болгон байлыгын изилдеп, үйрөнгөндөр барбы?».

Түбөлүктүүлүккө чабак урду

Агай көзү өткөнчө бийликтин, бийлик төбөлдөрүнүн камчысын чапкан жок. Бийликке карата каяшасын бетке айтып, карама-каршы мамилесин билдирбегени менен адабияттагы, искусстводогу, маданияттагы жана педагогикадагы жасалмалуулук, алешемдик, эки жүздүүлүк, анткорлук, жанкечтилик, жердешчилик, кыргызчылык, дагы башка ушул сыяктуу чындыктын, фактынын белин сындырган, бурмалаган көрүнүштөр, окуялар, мамилелер менен келише албады.

Улуттук адабияттын өсүп-өнүгүшү үчүн чек ара кайтарган жоокер сымал түн уйкусун, күн тынымын билдирбей, болгон күч-аракетин, билимин жумшады. Добулга сынгысы келбеген жаңгактын дарагындай көкжалданып, мезгилден, тагдырдан, жазмыштан өчү бар кишидей тытынып, кажынып иштеди. Көпчүлүк дүркүрөтө кол чаап, мактаган-жактаган чыгармаларды эринбей-муюбай отуруп «Миң бир түндү» айткан жомокчудай сөзүнө, сюжетине азгырып-кызыктырып коюп, таптуу, уюткулуу, ачуу, маңыздуу, ишенимдүү даутовдук стили менен ак-карасын ажыратып, көзүбүздү умачтай ачып койду.

Чындык деген улуу сөздүн турган турпаты, лексикалык-лингивистикалык жана семантикалык түпкү маани-маңызы Кадыркул агайдын ар бир китебинде, ар бир макаласында, ар бир сынында же адабий талдоосунда өзү көп колдонгон, жакшы көргөн лексиконун бириндей, «жандуу, кызыл сызыктай» башынан аягына чейин Кызыр жылоологондой так ачылат, таамай таасындалат, такталат, терең талданат. Чындык канчалык тебеленип-тепселбесин, канчалык тапталып-талкаланбасын, жеңишке жеткенде, жеңип чыкканда ошончолук оттуу, ошончолук таттуу, ошончолук кубаттуу, кадырлуу, барктуу, байманалуу, өмүрлүү.

Болгону тогуз адам...

Бизде, кыргызда той-аштын түрү көп. Акын-жазуучулардын жаңы китебинин тушоосун кесмей, сыйлык жуумай, тууган-туушкандарынын аш-тою, чыгармачылыгынын 30, 40, 50, 60, 70, 80 жылдык мааракеси, чыгармачылык кечеси бүтпөйт же түгөнбөйт. Сынчыларды сыйга чакырса төрдө Кадыркул агай отурса жарашмак. Бирок чакырган жерге барбаган адам аз же жок. Болбосо, К.Даутов агай болду...

80 жылдык өмүрүмдө «болгону тогуз адамдын чыгармачылык кечесине бардым» деп айтканын өз оозунан уктум. Бир кезде акындын жеке тагдырына таш ыргытып, китептери планга кирбей, чыгармачылыгы солгундап кетти деп партиянын пленумунда атайын сынга алынган Байдылда акынды «Талант таанылбай койбойт» деген макаласында эмнеге «солгундап» кеткенин ачык айтып, Жазуучулар союзундагы алакчылоонун бетин ачып, кошоматтангандын башынан сылап, экинчисин адилетсиз сындап, китебин планга киргизбей коюунун себебин ачыкка чыгарат. Салттык формада жазган таланттуу акын Байдылда Сарнагоевдин поэзиясын иликтеп-изилдеп, чыгармачылык кечесин өзү уюштурган. Өзү тамада болуп, тойду башкарган экен. Кыргыздын таанымал акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Анатай Өмүрканов жана башка болгону тогуз акын-жазуунун чыгармачылык, автордук кечелерине барганын канааттануу менен эскерген.

Мүрзөгүл

Кыргыз адабиятынын жылдыздуу асманында кыргыз адабий сынынын чолпондой жанган жарык жылдызы түбөлүк жанып турарына ишенимим чоң.

Урматтуу Кадыркул агай, кыргыз эли сиздин улуттук адабияттагы ат көтөргүс эмгегиңизди эч качан унутпайт. Сиз жөнүндө мурдатан жазып жүргөн макаламды кыскартып берүүгө аргасыз болдум. Сиздин бейитиңизге койгон гүлүм болсун!

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

29-июль, 2020-жыл

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG