Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Цепкало: Лукашенко курал колдонууга команда бере албайт


Валерий Цепкало.
Валерий Цепкало.

Бозгундагы белорус оппозиционери Валерий Цепкало президент Александр Лукашенко үгүт өнөктүгүнүн учурунда аскер бөлүктөрүн кыдырып, убагында пулеметту суна кармап жүргөнүн айтуу менен элди козутууда деп эсептейт. Мындай пикирин ал «Настоящее время» телеканалына маек куруп жатып билдирди.

Ошол эле учурда ал Лукашенко жаалданган эл көчөгө чыкса такаат бере албай турганын белгиледи.

«Албетте, ал коркуп, курал колдонууга команда бере албайт. Эгер шайлоо күнү 20 миң киши чыкса, балким анын колундагы ресурс, ири алды ички иштер органдары ал топту тарата алышы мүмкүн. Эгер 100 миң адам чыкса, ал жөн гана учакка отурат да кайдадыр учуп кетет», - дейт Цепкало.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко 9-августта өтчү шайлоого да катышууда. Бийлик президенттикке аттанган оппозициялык саясатчылар Виктор Бабарико менен Сергей Тихановскийди камакка алган. Ал эми IT тармагындагы ишкер Валерий Цепкалону топтогон колу жетишсиз деген негизде БШК талапкерликке каттабай койгон. Беларус маалымат каражаттары ага да кылмыш иши козголгонун жазып чыккандан кийин Цепкало өлкөдөн чыгып кеткен.

Лукашенконун учурдагы негизги атаандашы - абактагы Тихановскийдин аялы, 37 жаштагы Светлана Тихановская. Анын үгүт өнөктүгү учурундагы жолугушууларына түмөндөгөн адам чогулууда.

XS
SM
MD
LG