Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстан чет өлкөлөргө туруктуу аба каттамдарын азырынча баштай албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда туруктуу эл аралык авиакаттамдар август айынын аягына чейин башталышы күмөн. Өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушундай экенин 3-августта «Азаттыкка» Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Коронавируска каршы республикалык штабга 1-августтан баштап Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Орусия жана Түркия менен туруктуу каттамдарга өтүү тууралуу сунуш берилген.

«Орусия макул болгон жок, бирок чартердик каттамдарды көбөйтмөй болдук. Түркия менен да чартердик каттамдар көбөйтүлөт. Алар тараптан «Turkish Airlines» жана «Pegasus», биз тараптан «Avia Traffic» компаниялары ишке ашырат. Каттамдар мурдагыдан эки эсе көбүрөөк болот. Араб Эмираттарына жумасына эки чартердик каттам болот – «Air Arabia» жана «Fly Dubai». Казакстандын да эпидемиологиялык кырдаалы татаал болуп жаткандыктан чартердик каттамдарды керектүү убакта уюштуруп турмай болдук. Августтун аягына чейин ушундай тартип болот го деп ойлойм».

Акышев белгилегендей, Орусия 1-августтан тартып үч өлкө менен туруктуу авиакаттамдарын баштады, август айынын этегинде бул тизме 15 өлкөгө жеткирилип, алардын катарына Кыргызстанды да кошуу планы караштырылып жатат.

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу убактылуу токтоткон.

Өлкөнүн жалпысынан тогуз чет мамлекет менен авиакаттамы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG