Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:24

Беларус: Тихановская үч митинг өткөрүүнү көздөп турат


Президенттикке талапкер Светлана Тихановская. 25-июль, 2020-жыл.
Президенттикке талапкер Светлана Тихановская. 25-июль, 2020-жыл.

Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская август айында үч митинг өткөрүүнү пландап жатат.

Ал Гродно, Волковск жана Слоним шаарларындагы акцияларга катыша турганы маалым болду.

Тихановская бул иш-чаралардын бардыгы Беларус коопсуздук кызматтарынын эскертүүлөрүнө карабай өтөрүн билдирди.

Андан мурда бийлик Беларус аймагында 33 орусиялык жалданма аскер кармалганын, алар шайлоонун алдында өлкөдөгү абалды бейстабилдештирүүнү көздөшкөнүн билдирген. Ошондон кийин талапкерлерге эскертүү берилип, массалык иш-чараларда чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экени айтылган.

Москва бул дооматттарды четке кагып, жалданма аскерлер Минск аркылуу Стамбулга баратышканын айткан.

30-июлда Минскиде өткөн Тихановскаянын митингине кеминде 63 миң адам катышканын “Весна" укук коргоо борбору билдирди.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Ага президент Лукашенко менен кошо беш талапкер ат салышууда. 26 жылдан бери мамлекетти башкарып келген Лукашенко бул жолу оппозициянын болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болуп жатат. Буга бир нече айдан бери бир катар жарандык активисттердин, оппозициячыл саясатчылардын кармалышы түрткү болду.

XS
SM
MD
LG