Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Трамп TikTok социалдык түйүнүнө тыюу саларын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт. 21-февраль, 2019-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 21-февраль, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Кытай компаниясына караштуу TikTok социалдык түйүнүнө тыюу саларын билдирди.

Бул тууралуу ал Air Force One учагынын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Трамп өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен бул тиркемеге тыюу салган буйрук чыгара аларын кошумчалады.

TikTok-өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны бир миллиарддай адам колдонот.

Трамптын билдирүүсүнө чейин социалдык түйүн тууралуу суроо АКШнын Тышкы инвестициялар боюнча комитетинде каралган.

Бул маселе Кытай тараптын тынчсыздануусун жаратты. Бээжин Вашингтонду дискриминацияга айыптады. Ал эми тиркемени иштеткен ByteDance компанияcы колдонуучулардын маалыматын Кытай бийлигине бербей турганын билдирип келет.

Эки держава ортосундагы тиреш акыркы мезгилде улам курчуп баратат.

АКШ “Кытай коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды жаап-жашырган, Гонконгдогу, Шинжаңдагы эркиндиктерди жана адам укуктарын одоно бузуп жатат" деп айыптап келет.

Кытай мындай дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG