Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди


Өзбекстан. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тажиясы. 2020-жылдын 31-июлу.
Өзбекстан. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тажиясы. 2020-жылдын 31-июлу.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» өзбекстандык фотокабарчы Тимур Карпов билдирди.

Анын айтымында, маркум Ташкент облусунун Янгибазар айылына көмүлдү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломаттары Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанда жерге берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн 30-июлда «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Анын байбичеси Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилери айтылган.

Маркумдун сөөгү Бишкектен Ошко жеткирилип, андан ары Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. (RK)

XS
SM
MD
LG