Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

«Мекен» тасмасы баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлдү


«Мекен» тасмасында кен казуу тармагындагы жемкорлук ашкереленет.
«Мекен» тасмасында кен казуу тармагындагы жемкорлук ашкереленет.

Жаңы тартылган «Мекен» тасмасы көрүүчүлөргө баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлүп тартууланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» фильмдин режиссеру Медербек Жалилов билдирди.

Анын айтымында, тасма Кыргызстандын кен казуу тармагындагы коррупциялык система тууралуу баяндоо максатында тартылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана «Кыргызкинонун» өкүлдөрүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин бир катар сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген.

Жалилов өзү маанилүү деп эсептеген кадрларды алып салууга мажбур болгонун, комедиялык каарман аркылуу чагылдырылган милициянын образы көп сын жаратканын айтууда:

«Негизинен ошого көп сын тагышты. «Милиция кызматкерлери мындай эмес» деп. Башка бардык каармандарыбыз сыяктуу эле ал да нравага каршы эч нерсе жасабайт. Болгону, баскан-турганы күлкүлүү жигит. Мимикасын, эмоциясын таланттуу актер бала жеткире аткарган болчу. Көмгөнү алып кетишкен күйөөсүнүн артынан барган аял үчүн да сындашты. Бирок ар бир персонаждын артында философиялык маани катылган. Ошондо биз кандай тасма тартышыбыз керек? Түптүз басып жүргөн, эч бир эмоциясы же жеке мүнөзү жок, Түндүк Кореядагыдай каармандарды тартышыбыз керекпи? Дагы бир каарманыбыз – бүт көйгөйлөргө көз жумуп, ишканадан пара алган коррупционер аткаминер. «Ошол жерди кесип салгыла» дешти. Башкасына мейли, бирок ушуну такыр түшүнө алган жокпуз. Бул коррупцияны ачыктан ачык калкалоо болуп жатпайбы. Милиционердин күлкүлүү образдарын бүт кесип салдык. Пара берүү тууралуу жерин ошо бойдон чыгарабыз, анткени алардын талабын жүйөлүү деп эсептебейбиз».

Жалилов комиссиядан жети ай күтүп, так жооп албагандан кийин тасманы "YouTube" сайтына чыгармай болушканын, кинотеатрдан көрсөтүлбөй турганын айтты. Фильмди тартууга өнөктөштөр карызга берген 100 миң доллар сарпталганын билдирди.

Тасмада кен иштеткен инвестордун да чындыгын жеткирүү аракети бар экенин кошумчалады.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментинин башчысынын орун басары Айзада Усупекованын айтымында, тамсаны тогуз мекеменин өкүлдөрү кирген комиссия көрүп чыккан:

«Милициянын аброюна аябай шек келтирген моменттер болгон. Анан кыргыз аялы жолдошун көмгөндө эч качан кара кийинип мүрзөгө барбайт деп айтылган. Менин угушумча ушундай. Бизди «мамлекеттик кызматкер катары басым көрсөтүшүңөр мүмкүн» деп, комиссиянын ишине кийлигишкенибиз жок. Мен кинотеатрлар боюнча иштегендиктен катышкам. Комиссия «Мекен» тасмасы үчүн эле түзүлгөн эмес. Өкмөттүн 2016-жылдын 14-октябрындагы токтомунун негизинде түзүлүп, иштеп келе жатат. Буга чейин да бир-эки тасманы улут аралык, диний кастыкты козутуу жагынан карап чыккан. Комиссиянын өкүлдөрү жигиттерге: «Биз силерди колдойбуз. Ушундай мезгилде жакшы тасма жаратып жатыпсыңар. «Кинону кайра тарткыла» деп эч ким айтпайт, болгону бир-эки жерин эле оңдоп койгула, ошондон кийин прокатка кете берет» дешкен».

Кен казуу тармагындагы жемкордук Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жаткан негизги мүшкүл катары 2019-жылдын 6-февралында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланган. Анда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана кен казуу секторундагы айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасында коррупция терең жайылганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG