Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанга жөнөтүүгө даярдалууда


Азимжан Аскаров. 2011-жыл.
Азимжан Аскаров. 2011-жыл.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанга жөнөтүүгө даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Аскаровдун коомдук коргоочусу, «Voice of Freedom» коомдук фондунун жетекчиси Абдумомун Мамараимов билдирди:

«Уруксат берилди. Азыр сөөктү даярдап жатышат».

Мамараимовдун айтымында, маркумдун сөөгүн Өзбекстанга байбичеси Хадича Аскарова коштоп барат.

Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова өлүккана алдында күйөөсүнүн сөөгүн күтүүдө. 30.07.2020
Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова өлүккана алдында күйөөсүнүн сөөгүн күтүүдө. 30.07.2020

Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломаттары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанда жерге берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн 30-июлда «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, Аскаровдун үй-бүлөсүнүн кайрылуусуна байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында алардын өтүнүчүн канааттандыруу жана сөөктү жеткирүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо макулдашылды.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Сөөгү Бишкектеги өлүкканага жеткирилген.

ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Анын байбичеси Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилери айтылган.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты.

Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 29-июлда «Өзбек элчилиги биринчи күндөн тартып Аскаровдун аялына реанимобил берүүгө, сөөктү чек арадан баштап коштоп берүүгө даярдыгын билдирип келатканын» айткан. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG