Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:33

Конгресс «Apple», «Google», «Facebook» жана «Amazon» компанияларын сындады


Пандемияга байланыштуу жыйындар онлайн форматта өттү.
Пандемияга байланыштуу жыйындар онлайн форматта өттү.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасындагы 29-июлда өткөн коомдук талкууда эки партиянын тең өкүлдөрү эң ири төрт америкалык технологиялык компаниянын жетекчилерин кеске сынга алышты. Конгресс өкүлдөрүнүн пикиринде, «Amazon», «Google», «Facebook» жана «Applе» компаниялары өз тармагында бийликти өз колдоруна алып, чакан ишканалардын өнүгүшүнө жол бербей жатышат.

Пандемияга байланыштуу талкуу онлайн форматта өттү.

Демократ Дэвид Сициллин жыйындын башында бул корпорациялар тармактагы ордун кеңейтүү максатында өз таасирин деструктивдүү түрдө колдонуп келишкенин айтты.

Эки партиянын тең өкүлдөрү азыркы заманда IT компаниялардын ролу чоң мааниге ээ экенине, алардын чечимдеринин коомдук-саясий кесепети болушу мүмкүн экенине токтолушту.

Корпорациялардын жетекчилери өз компанияларынын саясатын колдоп, дооматтардын көбүн, анын ичинде адилетсиз атаандашуу тууралуу кинени четке кагып жатышты.

«Apple» компаниясынын жетекчиси Тим Кук алар бир да тармакта лидер эмес экенин айтты.

Ошол эле учурда корпорация жетекчилери мыйзам чыгаруучулардын айрым сын пикирлерин эске алууга убада беришти.

Жакында аталган төрт ири корпорациянын ишмердүүлүгү боюнча бир жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланары кабарланды.

XS
SM
MD
LG