Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:59

COVID-19: «Азаттыктын» эскерүү тизмесине кирген маркумдардын саны 400гө жетти


«Азаттыктын» коронавирустун курмандыгы болгон адамдарды эскерүүсү.
«Азаттыктын» коронавирустун курмандыгы болгон адамдарды эскерүүсү.

30-июлга карата «Азаттыктын» «Пандемия: Кимди жоготтук?» эскерүү тизмесине маалыматы кирген маркумдардын саны 400 кишиге жетти. Алардын улуусу 91, кичүүсү 1,5 жашта болчу. Тизмедеги кайтыш болгон жарандардын 100гө жакыны 50 жашка чейинки, 300ү 50 жаштан ашкан курактагылар. Алардын ичинде медицина кызматкерлеринин саны 60ка жетти.

Пандемиянын кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткандардын арасында дарыгерлерден тышкары илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналисттер, студенттер, акындар, маданий ишмерлер, соттор, милиция кызматкерлери, чарба адистери, ишкерлер, дин ишмерлери, спорт өкүлдөрү, ардагерлер, үй кожойкелери бар.

«Азаттык» пандемия курмандыктарынын 170 кишиден турган алгачкы эскерүү тизмесин 20-июлда жарыялаган.

Андан бери «Пандемия: Кимди жоготтук?» деген тизме күн сайын жаңыланууда. Ал орус жана кыргыз тилдеринде azattyk.org, rus.azattyk.org сайттарында жайгашып турат.

Тизме аркылуу «Азаттык» маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү, эпидемия курмандыктарын коомчулуктун эсинде сактоого көмөктөшкүсү келди.

Кыргызстанда март айынан бери жалпысынан коронавирус 35 143 адамга жукту, алардын 24 474ү айыгып чыкты, 1 364ү каза болду.

Кыргызстандыктар бүгүн - 30-июлда коронавирус эпидемиясынын кесепетинен каза болгондорго аза күтүп жатышат. Жалпы элдик аза күтүү күнү президенттин 27-июлдагы жарлыгы менен жарыяланган. (AiA)

XS
SM
MD
LG