Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

Дагы 32 медкызматкер COVID-19 жугузуп алды


Медицина кызматкерлери иш учурунда. Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. 9-июль, 2020-жыл.
Медицина кызматкерлери иш учурунда. Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. 9-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда 30-июлга карата маалымат боюнча бир сутка ичинде 32 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдиргендей, алардын тогузу Ош шаарында, жетөө Ош облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда, алтоо Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, алтоо Баткенде катталды. Кечээ-бүгүн баш калаа Бишкекте медиктер вирус жугузуп алган учуру катталган жок.

Акыркы бир суткада 13 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Пандемия башталгандан бери республика боюнча COVID-19ду жалпысынан 2743 медкызматкер жугузуп алып, алардын 1664ү сакайганы айтылды.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирус жугузуп алган 30дай медициналык кызматкер каза болду. Журналисттердин эсептөөсүндө, алардын саны 60ка жетти.

XS
SM
MD
LG