Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстан бүгүн коронавирустан каза болгон жарандарына аза күтүүдө


Мамлекет башчынын жарлыгы менен 30-июль Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоок, көңүл ачуучу программаларды уюштурбоо сунуш кылынган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза болду.

Жалпы илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши. 1047 бейтап оорудан айыкты. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG