Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Шайлоо-2020: Жогорку сот Атамбаевге каршы тарапты колдоду


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) парламенттик шайлоого каттоого милдеттендирген чечимди күчүндө калтырды. Иш бүгүн 28-июлда каралып, ушундай чечим чыкканын «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

14-июлда БШК Абдрахманов жетектеген КСДПнын шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. Мындай чечимин алардын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаган КСДП менен соттук териштирүүлөрү аяктай электиги менен түшүндүргөн.

20-июлда Бишкектин административдик соту Абдрахмановдун БШКнын ошол чечимине каршы арызын карап, колдогон жана Боршайкомду аларды каттоого милдеттендирген.

БШК соттун бул чечимине арызданып Жогорку сотко кайрылган.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты Кодуранова быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Эки тараптын ортосундагы талаш-тартыш жагдайы соттордо каралып жатат.

Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.

Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG