Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Марттан бери Кыргызстанга Орусиядан 19 миңден ашык мекендеш келди


14-июнда Москва – Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген мекендештер.
14-июнда Москва – Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген мекендештер.

Ушул жылдын 20-мартынан 24-июлга чейин 78 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 52 автобус менен 19 111 адам Орусиядан Кыргызстанга жеткирилди.

Мекенине кайтуу үчүн кайрылгандар көп болгондуктан Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бир жумада Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына беш авиакаттам уюштурууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Андан тышкары 2020-жылдын биринчи жарымында элчилик Орусияда каза болгон 101 адамдын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөттү.

24-июлда элчиликтин имаратында кыргыз диаспораларынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу болгон. Анда Кыргызстандын жарандарына Орусияда 3000ден ашык бош жумуш орундары бар экендиги жөнүндө маалымат берилген.

Коронавирус пандемиясынан улам бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Орусияда. (BTo)

XS
SM
MD
LG